Уюшкан кылмыштуу топту системалуу каржылаган деген шек менен ишкер кармалды

Уюшкан кылмыштуу топту системалуу каржылаган деген шек менен ишкер кармалды

УКМК уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүн жана алардын каржылоо булактарын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобун системалуу түрдө каржылоого катышкан С.К.К. аттуу ишкерди кармады.

УКМКнын билдирүүсүнө караганда, С.К.К. аттуу ишкер жоюлган “мыйзамдагы ууру” К.Асанбек менен тыгыз байланышта болгон. Ошондой эле Ош шаарынын жана Ош облусунун калкынын колдоосу менен өзүнүн таасирин күчөтүү максатында К. Асанбек менен К. Досоновду ай сайын белгилүү бир суммадагы акча которуу менен системалуу түрдө каржылап келген. Алардын колдоосу менен С.К.К. күйүүчү-майлоочу материалдарды Кыргыз Республикасына аткезчилик жол менен алып өтүүнүн туруктуу схемасын түзгөн.

Белгилей кетсек, К.Асанбек менен К.Досоновдун колдоосу менен С.К.К. өзүнө жакпаган адамдарга физикалык таасир этүү үчүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн “кызматтарына” кайрылган.

Жүргүзүлгөн тергөө жана оперативдүү иш-чаралардын натыйжасында, ишкер кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда, тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында, УКМК уюшкан кылмыштуу топтордун кылмыштуу ишмердүүлүгүн каржылоо каналдарын аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган бир катар ыкчам-издөө иш-чараларын улантууда.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media