Аскердик ЖОЖго киргизүү үчүн пара алгандардын коррупциялык иштери аныкталды

Аскердик ЖОЖго киргизүү үчүн пара алгандардын коррупциялык иштери аныкталды

УКМК Аскер прокуратурасы менен биргеликте, 2025-жылдын 11-декабрында пара алуу жана кызматтык жасалмачылык фактысы боюнча, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин айрым кызмат адамдарынын коррупциялык иштерин аныктады.

УКМК маалыматына караганда, 2024-жылы Улуттук аскер лицейинин бүтүрүүчүсү З.А.Э. жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 108 упай алган, бул Аскердик жогорку окуу жайына кирүү үчүн жетишсиз болуп саналат. Бирок, кабыл алууга корутунду документтерди даярдоодо аталган абитуриенттин ЖРТсынын жыйынтыктары жасалма түрдө, 129 упай катары киргизилип, бул Аскердик жогорку окуу жайына кабыл алуу үчүн негиз болгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча, аталган абитуриенттин апасы Дж.Н.А. Коргоо министрлигинин аскер кызматкери К.С.А. аркылуу Коргоо министрлигинин Кадрлар боюнча башкы башкармалыгынын жооптуу кызматкери, майор А.А.А. менен уулун жогорку окуу жайына киргизүү маселеси боюнча макулдашууга жетишкени аныкталган. Көрсөтүлгөн кызматтар үчүн 3500 АКШ доллары алынган, ал эми кошумча 40 000 сом К.С.А.га берилген, ал эми РСК банк терминалы аркылуу 45 000 сом A.A.A.нын жеке эсебине которулган, жалпы сумма 4500 АКШ долларын түзгөн.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун тергөө судьясынын чечими менен майор А.А.А. эки айлык мөөнөткө №1 тергөө абагына камакка алынды.

Учурда УКМК Аскер прокуратурасы менен биргеликте аталган коррупциялык схемага тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-издөө жана тергөө иш-чараларын улантууда.

0:00
/2:52

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media