Кыргызстан менен Катар кылмыштуулукка каршы кызматташууну күчөтөт

Кыргызстан менен Катар кылмыштуулукка каршы кызматташууну күчөтөт

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Максат Асаналиев Катар Мамлекетинин Башкы прокурору, доктор Исса бин Саад Аль-Джафали Аль-Нуайми менен Доха шаарында жумушчу жолугушуу өткөрдү.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кылмыш-жаза чөйрөсүндөгү кызматташтыкты өнүктүрүү, коррупцияга жана трансулуттук кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары, экстрадициялоо, соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жана кылмыш иштер боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү тууралуу эл аралык келишимдерди түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар эки мамлекеттин прокуратура органдарынын ортосундагы практикалык кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин ырасташты.

Мындан тышкары окуңуз

Даректүү тасманын жаңы горизонту: Бишкекте өтүүчү II эл аралык UmutDoc даректүү тасмалардын фестивалы  эмнеси менен маанилүү

Даректүү тасманын жаңы горизонту: Бишкекте өтүүчү II эл аралык UmutDoc даректүү тасмалардын фестивалы эмнеси менен маанилүү

10-сентябрдан 14-сентябрга чейин Бишкек шаарында режиссёрлордун, продюсерлердин жана кино сүйүүчүлөрдүн башын бириктирген, II Эл аралык UmutDoc даректүү кинолордун фестивалы өтөт. Көрүүчүлөрдү жети өлкөдөн (Кыргызстан, Казакстан, Молдова, Беларусь, Азербайжан, Грузия жана Латвия) келген 8 толук метраждуу жана 16 кыска метраждуу тасманын сынактык көрсөтүүлөрү, даректүү кинонун мыкты чыгармаларына сереп салуу

Кыргызстанда каттоодо турган жумушсуздардын саны 7%га азайды

Кыргызстанда каттоодо турган жумушсуздардын саны 7%га азайды

2026-жылдын 1-июлуна карата Кыргызстандын иш менен камсыз кылуу кызматтарында 60,5 миң жумушсуз жаран каттоодо турган. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүнкү коллегияда министрдин биринчи орун басары Камчыбек Досматов бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7%га аз

Эмгек укуктарын коргоо көрсөткүчүнүн төмөндөө себептери такталат

Эмгек укуктарын коргоо көрсөткүчүнүн төмөндөө себептери такталат

Кыргызстандын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев министрликтин 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча коллегиясында бир катар тапшырмаларды берди. Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында жарандардын эмгек укуктарын коргоо жаатындагы көрсөткүчтөрдүн төмөндөшү талкууланды. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында өндүрүштөгү кырсыктан же жаракаттан келтирилген зыян үчүн

Ош облусунда эки күн ичинде түндө көчөдө жүргөн 101 өспүрүм аныкталды

Ош облусунда эки күн ичинде түндө көчөдө жүргөн 101 өспүрүм аныкталды

Ош облусунда коомдук коопсуздукту камсыздоо жана өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алуу максатында "Өспүрүм-түн" аталышындагы рейддик иш-чара өттү. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, Кара-Суу жана Ноокат райондорунда эки күндө түнкү убакта ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлүнүн коштоосуз жүргөн 101 өспүрүм аныкталган. Аталган өспүрүмдөрдүн