Мигранттар үчүн акча которуудан - инвестиция салууга чейин үйрөтүүчү финансылык сабаттуулуктун китеби чыкты

Мигранттар үчүн акча которуудан - инвестиция салууга чейин үйрөтүүчү финансылык сабаттуулуктун китеби чыкты

18-декабрь, Мигранттардын эл аралык күнүндө КР Улуттук банкы жана КР Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги эмгек мигранттардын бакубатчылыгын жогорулатууга багытталган биргелешкен демилгеси менен тааныштырышты.

 Эл аралык миграция уюмунун изилдөөсүнө караганда, мигранттардын үй-бүлөлөрүнүн 41 пайызы үчүн чет өлкөдөн которулган акча негизги киреше булагы болуп саналат. Адистердин айтымында жаңы чыккан окуу куралынын жардамы менен жарандар акча которуу үчүн банктык каналдарды коопсуз колдонгондон тышкары, финансылык туруктуулукка үйрөтүп, депозиттер жана аманат эсептер аркылуу “коопсуздук жаздыкчасын” түзгөндү биле алышат.

Эмгек, социалдык коопсуздук жана миграция министрлигинин адистери миграция тууралуу чечим тең салмактуу болушу керектигин баса белгилешти. Айтымдарында, адам алдын ала бардык оң жана терс жактарын баалап, бул маселени үй-бүлөсү менен талкуулап, Кыргызстанда эле калып, иштөө же өлкөнүн чегине чыгуу мүмкүнчүлүгүн таразалап чыгышы керек. Окуу куралы төмөнкүлөргө жардам берет:

· Жолго чыкканга чейин эле карызга батып калбаш үчүн реалдуу чыгымдарды эсептеп чыгууга.
· Акчаны чогултуу үчүн ишенимдүү финансылык инструменттерди тандап алууга.
·  Топтогон акчасы менен Кыргызстанда чакан жана орто бизнести ачууга.

Бул демилге Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) каржылаган “Эмгек миграциясы программасы – Борбордук Азия” долбоорунун алкагында ишке ашырылды.

Улуттук банк жана ЭСКММ Finsabat.kg сайтындагы материалдарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылууну жана модулдун материалдарын республиканын бардык аймактарында окуу программаларына жана маалыматтык өнөктүктөргө интеграциялоону пландап жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media