Өзгөндүн Кеңеш айылына 203 млн сомго мектеп курулууда

Өзгөндүн Кеңеш айылына 203 млн сомго мектеп курулууда

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Кеңеш айылында №43 И.Базаркулов мектебинин жаңы имараты курулууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Курулуш иштер республикалык бюджеттен каржыланып, тендердик баасы 203 миллион сомду түзөт.

Башкы план боюнча мектеп 275 орунга ылайыкталып, эки кабатуу окуу корпусу спорт залы менен салынат. Объекттин жалы аянты 3518 чарчы метрди түзүп, курулуш-монтаждоо иштери курулуш нормалардын негизинде аткарылууда.

Маалыматка ылайык, эски мектеп 1977-жылы курулган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте кайсы курулуш объектилери текшерилди?

Бишкектеги 8 акча алмаштыруу бюросуна 55 миң сомдон айып пул салынды

Ош шаарындагы Абдыкадыров көчөсүнө 70 түп сирень отургузулду

Таласта таштанды башкаруу системасын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө

Өзбекстанда канча кыргыз жашайт?