Ысык-Көлдө 66 жаңы кайра иштетүүчү ишкана жана 6 соода-логистикалык борбор ачылат

Ысык-Көлдө 66 жаңы кайра иштетүүчү ишкана жана 6 соода-логистикалык борбор ачылат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 2030-жылга чейин айыл чарба продукциясын кайра иштетүү деңгээлин 25%га жеткирүүнү максат кылып, өлкө боюнча жалпы 385 ишкана ачуу боюнча иш жүргүзүп жатат.

Ысык-Көл облусунда 6 соода-логистикалык борбор жана 66 кайра иштетүүчү ишкана пландалган. Ишканалар аймактын климаттык жана географиялык өзгөчөлүгүнө ылайык иштейт, продукцияны сактоого, жоготууларды азайтууга жана кайра иштетүү көлөмүн көбөйтүүгө багытталат. Алар буудай, жашылча-жемиштер, сүт, эт, жүн, май жана тоютту кайра иштетет.

Район жана шаарлар боюнча:

  • Ысык-Көл району – 1 СЛБ, 20 ишкана
  • Ак-Суу району – 1 СЛБ, 6 ишкана
  • Жети-Өгүз району – 2 СЛБ, 15 ишкана
  • Тоң району – 1 СЛБ, 6 ишкана
  • Түп району – 8 ишкана
  • Балыкчы шаары – 1 СЛБ, 3 ишкана
  • Каракол шаары – 8 ишкана
Бул демилге аймактарда жумуш орундарын түзүп, агроөнөр жайдын өнүгүүсүнө шарт түзөт. Министрлик ишкерлерди жана инвесторлорду кызматташууга чакырат.

Суроолор боюнча: 0708 320 820, 0990 559 083.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media