Акыйкатчы институтуна 9 кызматтык автоунаа тапшырылды

Акыйкатчы институтуна 9 кызматтык автоунаа тапшырылды

Бүгүн КРын Акыйкатчы институтуна кызматтык автоунааларды тапшыруу аземи болуп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев Chevrolet Cobalt үлгүсүндөгү 9 кызматтык автоунаанын ачкычтарын расмий түрдө Акыйкатчы институтуна тапшырды. Аталган автоунаалар өлкөнүн 6 облусундагы Акыйкатчы институтунун өкүлчүлүктөрүнө бөлүштүрүлөт.

Акыйкатчы Жамийла Жаманбаева бул автоунаалар борбордук аппараттын жана аймактык өкүлчүлүктөрдүн ишмердүүлүгүн чыңдоого чоң өбөлгө түзөрүн белгиледи.

“Бүгүн кызматтык автоунааларды алуу – бул борбордук аппаратта да, аймактарда да ишибизди күчөтүү үчүн маанилүү кадам. Бул автотранспорт жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп кайтарууга, көчмө иш-чараларды кеңейтүүгө жана өлкөнүн бардык аймагында адамдын укуктарын жана эркиндиктерин натыйжалуу коргоону камсыз кылууга мүмкүндүк берет”, – деди акыйкатчы.

Белгилей кетсек, Акыйкатчы Жамийла Жаманбаеванын Президент Садыр Жапаров менен болгон жолугушуусунан кийин институттун материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында кызматтык автоунааларды сатып алууга республикалык бюджеттен 9 миллион сом бөлүнгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Эмгек министрлиги жарым жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарууда

Эмгек министрлиги жарым жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарууда

21-августта Бишкекте Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарына арналган отурум өтүп жатат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Коллегиялык отурумга Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов, депутат Гүлнара Баатырова, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев, ошондой эле министрликтин

Бишкектин айрым көчөлөрүндө 25-августта суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым көчөлөрүндө 25-августта суу өчүрүлөт

25-августта Бишкектин бир катар аймактарында оңдоо иштерине байланыштуу ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу "Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы билдирди. Саат 09:00дөн 21:00гө чейин Политехническая жана Водопроводная көчөлөрүндө ичүүчү суу өчүрүлөт. Буга диаметри 150 мм болгон эки клапанды алмаштыруу иштери себеп болууда. Ошондой эле саат 10:

Документсиз товар ташыгандарга 350 миң сомго чейин айып салынат

Документсиз товар ташыгандарга 350 миң сомго чейин айып салынат

Кыргызстанда ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды жана транспорт каражаттарын тиешелүү документтери жок алып өтүү үчүн жоопкерчилик күчөтүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди. Жаңы талаптар 2026-жылдын 21-августунан тартып күчүнө кирет. Айып пулдун өлчөмү товардын наркына жана укук бузууну ким жасаганына жараша белгиленет. Товардын наркы 500 миң сомдон аз болсо,

Кыргызстан күйүүчү май импорттоо боюнча жаңы келишимдерди түзөт

Кыргызстан күйүүчү май импорттоо боюнча жаңы келишимдерди түзөт

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн ички рыногун күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоо маселеси боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйында Борбор Азиядагы жана Кыргызстандагы мунай рыногунун учурдагы абалы, күйүүчү май импорттоо жана керектүү запастарды түзүү маселелери талкууланды. Ошондой эле күйүүчү-майлоочу материалдар менен иштеген компанияларга