Караколдогу Яндекс Goдо «Комфорт» тарифи пайда болду

Караколдогу Яндекс Goдо «Комфорт» тарифи пайда болду

Эми Каракол шаарынын тургундары «Комфорт» тарифи менен жол жүрүүгө буйрутма бере алышат. Бул тарифти тандаганда жогорку класстагы унаалар, мисалы - Hyundai Sonata, Weltmeister EX5, Kia K5, Toyota Camry жана башка автоунаалар буйрутмага келишет. «Комфорт» тарифиндеги айдоочулар кошумча тестирлөөдөн өтүшөт.

«Комфорт» тарифи боюнча жол жүрүүнүн баасы 36 сомдон башталат. Мисалы, Каракол автобекетинен (Пржевальский көч. 149) Каракол шаарынын мэриясына чейин (Тыныстанов көч. 21) жол жүрүү болжол менен 73 сомду* түзөт. Караколдо ошондой эле базалык тариф «Эконом» да жеткиликтүү- ал “А” чекитинен “Б” чекитине чейин тез жана арзан жетүүнү каалагандарга ыңгайлуу.

Бардык каттамдар автоматтык ылдамдыкты жана айдоо стилин көзөмөлдөө сыяктуу заманбап коопсуздук технологиялары менен жабдылган. Эгерде система ылдамдыкты жогорулатууну же кооптуу маневрду аныктаса, ал дароо айдоочуга эскертип, кырсыктын санын азайтууга жардам берет. Ошондой эле, система күтүүсүз тормоз тебүүнү да көзөмөлдөп, кагылышууларды аныктайт. Мындай учурларда операторлор кырдаалды текшерүү үчүн жүргүнчү жана айдоочу менен байланышат.

Тиркемеде колдонуучулар үчүн "Коопсуздук" бөлүмү жеткиликтүү, ал жерден тез жардам кызматтары менен байланышып, колдоо кызматына кайрылса же маршрутту жакындары менен бөлүшсө болот. Сервис аркылуу бардык жол жүрүүдө айдоочу жана жүргүнчүлөр 800 000 сомго чейин камсыздандырылат.

Сервисти колдоно баштоо үчүн, болгону App Store же Google Play аркылуу акысыз Яндекс Go тиркемесин жүктөп алуу жетиштүү.

💡
*Кызмат тарабынан эсептелген Комфорт тарифи 2025-жылдын 17-декабрында Каракол шаарындагы автобекеттен (Пржевальск көч, 149) мэрияга (Тыныстанов көч, 21) чейин, күтүү убактысы жана башка акы төлөнүүчү опцияларды кошпогондо, 2 км аралык жана 4 мүнөт убакыт үчүн максималдуу тариф болуп саналат. Баасы таксиге буйрутма берген убакытка жараша өзгөрүшү мүмкүн. Максималдуу тарифтер жөнүндө көбүрөөк маалыматты taxi.yandex.com. сайтынан алыңыз.

 

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media