Кыргызстан менен СУАР курулуш тармагында кызматташтыкты чыңдоону макулдашты

Кыргызстан менен СУАР курулуш тармагында кызматташтыкты чыңдоону макулдашты

18-декабрда Кытай Эл Республикасынын Үрүмчү шаарында Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак-жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев менен Синьцзян-Уйгур Автономдук Районунун турак-жай курулушу жана аймактарды өнүктүрүү департаментинин парткомунун катчысы Ли Хунбин эки тараптуу жолугушту.

Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташтыкты түзүү жана мындан ары чыңдоо, курулуш иштеринин сапатын көзөмөлдөө, сейсмикалык туруктуулукту камсыздоо, жана курулуш адистеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты.

Белгилей кетсек, 17-декабрда министр Кыргызстандын 30га жакын курулуш компанияларынын жетекчилери менен Үрүмчү шаарына сапарлап, шаардагы курулуш материалдары тармагындагы өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөр менен таанышып, СУАРдын өндүрүш ишканалары менен кызматташтык байланыштарды түзүүнү максат кылышкан.

Мындан тышкары окуңуз

Ош кышка камынууда: 6 153 тонна көмүр камдалды

Ош кышка камынууда: 6 153 тонна көмүр камдалды

Ош шаарында 2026-2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, кышка даярдык боюнча штабдын жыйынында тиешелүү мекеме-ишканалардын аткарып жаткан иштери талкууланды. "Ош шаарынын жылуулук электр борбору" муниципалдык ишканасында үч буу казаны жылуулук берүүгө даярдалып, 3 115,3 тонна

Декларацияланбаган товарлар: мамлекетке 3,8 млн сомдон ашык зыян өндүрүлдү

Декларацияланбаган товарлар: мамлекетке 3,8 млн сомдон ашык зыян өндүрүлдү

"Нарын" бажысынын кызматкерлери бажы мыйзамдарынын талаптарын бузуу фактысын аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 3-5-август күндөрү Кытайдан "Б.Х.Г." ЖЧКсынын дарегине эки оор жүк ташуучу унаа менен товарлар жеткирилген. Документтерде алар жалпы салмагы 9 440 кг болгон металл конструкциялар жана

Тамгада логистикалык борбор жана шире чыгаруучу цех куруу пландалууда

Тамгада логистикалык борбор жана шире чыгаруучу цех куруу пландалууда

Ысык-Көл облусунун Тамга айылында логистикалык борбор жана шире чыгаруучу цех куруу боюнча иштер аткарылууда. Бул тууралуу аймактык өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, облус башчысы Бакытбек Жетигеновдун тапшырмасы менен учурда аракеттер көрүлүп жатат. Демилгени ишке ашыруу үчүн Барскоондогу Тамга айылынан 1 гектар муниципалдык жер тилкеси бөлүнгөн. Долбоордун жалпы

Ысык-Көлдө балык уулоо билетин QR-код аркылуу алууга болот

Ысык-Көлдө балык уулоо билетин QR-код аркылуу алууга болот

Ысык-Көлдө спорттук жана ышкыбоздук балык уулоочулар үчүн балык уулоо билетин электрондук түрдө алуу мүмкүнчүлүгү кеңейтилүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигине караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаменти билдирди. Буга чейин көлдүн Кекилик участогуна балык уулоо эрежелери жана жол-жоболору көрсөтүлгөн маалыматтык тактайча орнотулган. Анда балык уулоо билетин онлайн алууга мүмкүндүк