Нарын облусунда жайыттарды башкарууда жаңы концепция сунушталды

Нарын облусунда жайыттарды башкарууда жаңы концепция сунушталды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы Нарын облусунун мисалында “Кыргыз Республикасында жайыттарды башкаруу концепциясын” пилоттук форматта ишке ашырууну пландап жатат. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Бул тууралуу кызматтын директорунун орун басары Ишенбек Алмамбетов “Жайыттардын абалын жакшыртуу жана аларды рационалдуу пайдалануу” темасында өткөн семинарда билдирди.

Нарын облусунда климаттык шарттардын катаалдыгы, бийик тоолуу рельеф жана жайытка болгон басымдын өсүшү жайыттардын деградация коркунучун күчөтүүдө. Жаңы концепция жайыттарды туруктуу пайдаланууга, калыбына келтирүүгө жана мал чарбасынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

Концепция туруктуулук, коомчулукка негизделген башкаруу, айкындуулук, илимий негиздүүлүк жана санариптештирүү принциптерине таянат. Ошондой эле жайыттан түшкөн каражаттардын 100%ын түздөн-түз жайыт тармагына багыттоо жана аларды башкаруу үчүн адистешкен мамлекеттик жайыт ишканасын же атайын фонд түзүү сунушталууда.

Белгилей кетсек, семинарга өлкөнүн жети облусунан адистер катышып, сунуштардын негизинде пилоттук долбоор колдоого ээ болду.

Мындан тышкары окуңуз

Декларацияланбаган товарлар: мамлекетке 3,8 млн сомдон ашык зыян өндүрүлдү

Декларацияланбаган товарлар: мамлекетке 3,8 млн сомдон ашык зыян өндүрүлдү

"Нарын" бажысынын кызматкерлери бажы мыйзамдарынын талаптарын бузуу фактысын аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 3-5-август күндөрү Кытайдан "Б.Х.Г." ЖЧКсынын дарегине эки оор жүк ташуучу унаа менен товарлар жеткирилген. Документтерде алар жалпы салмагы 9 440 кг болгон металл конструкциялар жана

Тамгада логистикалык борбор жана шире чыгаруучу цех куруу пландалууда

Тамгада логистикалык борбор жана шире чыгаруучу цех куруу пландалууда

Ысык-Көл облусунун Тамга айылында логистикалык борбор жана шире чыгаруучу цех куруу боюнча иштер аткарылууда. Бул тууралуу аймактык өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, облус башчысы Бакытбек Жетигеновдун тапшырмасы менен учурда аракеттер көрүлүп жатат. Демилгени ишке ашыруу үчүн Барскоондогу Тамга айылынан 1 гектар муниципалдык жер тилкеси бөлүнгөн. Долбоордун жалпы

Ысык-Көлдө балык уулоо билетин QR-код аркылуу алууга болот

Ысык-Көлдө балык уулоо билетин QR-код аркылуу алууга болот

Ысык-Көлдө спорттук жана ышкыбоздук балык уулоочулар үчүн балык уулоо билетин электрондук түрдө алуу мүмкүнчүлүгү кеңейтилүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигине караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаменти билдирди. Буга чейин көлдүн Кекилик участогуна балык уулоо эрежелери жана жол-жоболору көрсөтүлгөн маалыматтык тактайча орнотулган. Анда балык уулоо билетин онлайн алууга мүмкүндүк

Эмгек министрлиги жарым жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарууда

Эмгек министрлиги жарым жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарууда

21-августта Бишкекте Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарына арналган отурум өтүп жатат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Коллегиялык отурумга Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов, депутат Гүлнара Баатырова, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев, ошондой эле министрликтин