Ош шаарында Европа Биримдиги менен биргелешкен демилгелер талкууланды

Ош шаарында Европа Биримдиги менен биргелешкен демилгелер талкууланды

Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Адилет Шаршеналы уулу Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Реми Дюфло менен жолугушту.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар шаардын өнүгүүсү, климатка ыңгайлашкан инфраструктураны жакшыртуу, билим берүү жана социалдык тармактагы долбоорлор боюнча кызматташууну кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле жолугушууда Европа Биримдиги менен келечектеги биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Жалал-Абадда "Арзибай-Ата Компани" ишканасын өнүктүрүү иштери жүрүүдө

Бишкек–Нарын–Торугарт жолунун 68-чакырымында жер алдындагы өтмөк курулууда

Эркинбек Осоев Кыргызстандын Япониядагы элчиси кызматынан бошотулду

Жети-Өгүз районунда өнөр жай өндүрүшү 128,5 млрд сомго жетти

Сузакта ишкер жеңилдетилген насыя менен кургатуу цехин ачты