Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораториянын ишмердүүлүгү жакшыртылат

Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораториянын ишмердүүлүгү жакшыртылат

Күн мурун Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин жетекчилиги Борбордук лабораториянын ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Иш сапар учурунда лабораториянын абалы, жүргүзүлүп жаткан анализдердин сапаты жана ыкчамдыгы, техникалык мүмкүнчүлүктөрү жана кадрдык потенциалы каралды.

Директор М.Кочеров лабораториянын ишин жакшыртуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди: санариптештирүү, анализдерди так жана кыска мөөнөттө жүргүзүү, аккредитация маселелерин талапка ылайык чечүү. Мындан тышкары, материалдык-техникалык базаны чыңдоо жана заманбап изилдөө ыкмаларын киргизүү сунушталды.

Бул иш-чара өлкөнүн фитосанитардык коопсуздугун камсыздоого жана лабораториялык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга багытталган маанилүү кадам болуп эсептелет.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда социалдык кызматкерлердин айлыгы 40 миң сомго чейин жогорулады

Кыргызстанда социалдык кызматкерлердин айлыгы 40 миң сомго чейин жогорулады

Кыргызстанда социалдык кызматкерлердин орточо айлыгы кошумча төлөмдөр жана үстөк акыларды эске алуу менен 40 миң сомго чейин жогорулады. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, буга чейин алардын орточо маянасы 12 миң сомдун тегерегинде болгон. Эмгек акыны жогорулатуу президент Садыр Жапаровдун 26-марттагы

Ноокенде абаны булгаган эки айдоочуга 15 миң сомдон айып салынды

Ноокенде абаны булгаган эки айдоочуга 15 миң сомдон айып салынды

Ноокен районунда зыяндуу заттарды белгиленген ченемден ашык чыгарган эки автоунаа аныкталып, алардын ээлерине 15 миң сомдон айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Жалал-Абад аймактык башкармалыгынын кызматкерлери Ноокен райондук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү менен биргеликте ыкчам иш-

Жыл башынан бери 989 миңден ашык адамга социалдык кызмат көрсөтүлдү

Жыл башынан бери 989 миңден ашык адамга социалдык кызмат көрсөтүлдү

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында 989,5 миң адамга Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин кызматтары көрсөтүлдү. Бул өлкө калкынын болжол менен 14%ын түзөт. Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, коллегиялык отурумда эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов ишмердүүлүк боюнча маалымат берди. Ага ылайык, 410,

Ош кышка камынууда: 6 153 тонна көмүр камдалды

Ош кышка камынууда: 6 153 тонна көмүр камдалды

Ош шаарында 2026-2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, кышка даярдык боюнча штабдын жыйынында тиешелүү мекеме-ишканалардын аткарып жаткан иштери талкууланды. "Ош шаарынын жылуулук электр борбору" муниципалдык ишканасында үч буу казаны жылуулук берүүгө даярдалып, 3 115,3 тонна