Реконструкцияланган "Бишкексельмаш" 13 миң кардарды жылуулук менен камсыздайт

Реконструкцияланган "Бишкексельмаш" 13 миң кардарды жылуулук менен камсыздайт

Борбор калаада 1974-жылдан бери иштеп келген "Бишкексельмаш" отканасынын реконструкциясынын биринчи этабы ишке кирди. Иш-чарага шаар мэри Айбек Джунушалиев катышып, объекттин шаар тургундары үчүн маанисин белгиледи.

Мэриянын маалыматына ылайык, реконструкциянын алкагында алты 10 МВт кубаттуулуктагы газ казандар орнотулду, откана 13 000 кардарды жылуулук жана ысык суу менен камсыздайт. Жылытуу энергиясынын баасы Гкал үчүн болжол менен 6679,78 сомдон 5500 сомго чейин, жаңы кардарлар туташканда 5000 сомго чейин төмөндөйт.

Объекттин жалпы наркы 206 млн сом, анын ичинен 200 млн сому Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунан бөлүнгөн. Экинчи жана үчүнчү фазалар кошумча казандарды орнотуу, тармакты кеңейтүү жана 100 МВт кубаттуулуктагы когенерациялык блок менен 110 кВ көмөкчордонду куруу пландалууда.

Шаар мэри мындан ары жылуулук менен камсыздоонун ишенимдүүлүгү жогорулай турганын жана энергия натыйжалуулугунун артарын белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

DARYA долбоорунун алкагында кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү  талкууланды

DARYA долбоорунун алкагында кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү талкууланды

Агартуу министрлигинин өкүлдөрү менен “Борбордук Азиядагы жөндөмдүү жаштар үчүн диалог жана аракеттер” (DARYA) регионалдык долбоорунун эксперттеринин жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда DARYA долбоорунун алкагында кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү, кесиптик стандарттарды өркүндөтүү, ошондой эле формалдуу эмес жана информалдык билим берүүнү таануу боюнча аткарылып жаткан иштер талкууланды. Мындан тышкары, Кыргызстанда 2024-жылдан тартып

Ысык-Көлдө куткаруучуларга 16 млн сомго атайын техника тапшырылды

Ысык-Көлдө куткаруучуларга 16 млн сомго атайын техника тапшырылды

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн 16 млн сомго куткаруучулар үчүн атайын техника жана заманбап жабдуулар алынып, ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди. Алардын арасында "Шакман" унаасы, эки снегоход, суу алдындагы дрон, квадрокоптер жана Starlink Mini бар.

Бишкек жана Сеул шаар башчылары өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюшту

Бишкек жана Сеул шаар башчылары өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюшту

Бүгүн Сеул шаарында (Корея Республикасы) Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев менен Сеул шаарынын мэри О Се Хундун жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуу Садыр Жапаровдун Корея Республикасына болгон расмий иш сапарынын алкагында өттү. Жолугушуунун жыйынтыгында Бишкек жана Сеул шаарларынын мэрлери эки борбор шаардын ортосунда боордош шаарлар мамилесин түзүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү

Манаста 2 млн долларлык этти кайра иштетүүчү комплекс курулат

Манаста 2 млн долларлык этти кайра иштетүүчү комплекс курулат

Кыргызстанда этти кайра иштетүүнү өнүктүрүүгө багытталган жаңы долбоор колдоого алынды. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) Манас шаарында заманбап эт кайра иштетүү комплексин куруу боюнча “Мираж” ЖЧКсы менен каржылоо келишимине кол койду. Долбоордун жалпы наркы 2 млн долларды түзөт. Анын ичинен РКӨФ өнөктөш банкы “Бакай Банк” аркылуу 900 миң $ каржылайт. Каражат