УКМК көмүрдүн баасын жасалма кымбаттатууга жол бербестигин эскертти

УКМК көмүрдүн баасын жасалма кымбаттатууга жол бербестигин эскертти

УКМК тарабынан, Ош шаарынын жана Ош облусунун жергиликтүү бийлик органдарынын кызматкерлеринин катышуусунда көмүр казуучу компаниялардын өкүлдөрү, «Кыргызкөмүр» ААКнын инвесторлору, отун кампаларынын ээлери, ортомчулар жана сатуучулар менен жыйын өткөрүлдү.

УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жыйында Ош облусунун калкын отун менен камсыздоо боюнча учурдагы түзүлгөн кырдаал жана аймактын жашоочуларынын нааразычылыгын жаратып жаткан көмүрдүн баасы боюнча маселелер талкууланды.

Жыйындын катышуучуларына көмүрдүн баасын жасалма түрдө көтөрүү аркылуу жарандардын коомдук аң-сезимин манипуляциялоого жол берилбестигин УКМК өкүлдөрү эскертти.

Өз учурда көмүр казуу менен алектенген ишкерлер күз-кыш мезгилинде аларга отун базалары үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү маселесин көтөрүп, уюштуруу жана курулуш иштерин каржылоого даяр экендиктерин билдиришти. Бул маселени чечүү ашыкча чыгымдарды, тактап айтканда ортомчулук кызматтарды (көмүр ташуу боюнча) кыскартуу менен көмүрдүн баа саясатына таасирин тийгизери айтылды.

КР УКМК көмүрдүн баа саясаты боюнча каралган мыйзам ченемдеринен тышкары атайылап саботаж жасоо аракеттери кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын эскертти.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media