Акыйкатчы институтуна 9 кызматтык автоунаа тапшырылды

Акыйкатчы институтуна 9 кызматтык автоунаа тапшырылды

КРнын Акыйкатчы институтунда Президенттин тапшырмасынын негизинде кызматтык автоунааларды тапшыруу аземи болуп өттү.

Президенттин иш башкармасынын маалыматына ылайык, иш-чарага Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамила Жаманбаева катышты. Анын жүрүшүндө Институттун материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Chevrolet Cobalt үлгүсүндөгү 9 кызматтык автоунаанын ачкычтарын тапшырды.

Бул автоунаалар өлкөнүн 6 облусунда жайгашкан Акыйкатчы институтунун аймактык өкүлчүлүктөрүнө бөлүштүрүлүп берилмекчи.

Берилген кызматтык автоунаалар Акыйкатчы институтунун аймактардагы ишмердүүлүгүн жакшыртып, жарандардын укуктарын коргоо багытындагы иштерди ыкчам жана натыйжалуу жүргүзүүгө шарт түзөт. Бул кадам мамлекеттик органдардын ишин бекемдөөгө жана элге көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Оштогу Сары-Могол айылында таза суу түтүктөрү тартылууда

Оштогу Сары-Могол айылында таза суу түтүктөрү тартылууда

Ош облусунун Памир-Алай айыл аймагына караштуу Сары-Могол айылында калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча курулуш иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Айыл чара министрлигинен билдиришти. Долбоордун алкагында 1,52 чакырым суу өткөргүч куруу пландалган. Учурда анын 1 чакырымы толугу менен тартылып бүттү. Мындан тышкары, жалпы узундугу 9,

Кара-Кужур өрөөнүндөгү социалдык жана өндүрүштүк жайлар көзөмөлдөндү

Кара-Кужур өрөөнүндөгү социалдык жана өндүрүштүк жайлар көзөмөлдөндү

Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров 20-августта Кара-Кужур өрөөнүнө иш сапары менен барды. Бул тууралуу аймактык өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Лахол айылындагы К. Рысмендеев атындагы орто мектептин жылуулук тутумун, айылдагы спорттук комплекстин абалын көзөмөлдөдү. Мындан тышкары, Жер-Көчкү айылындагы этти кайра иштетүүчү ишкананын

Манас шаарындагы үч ири объекттен 1 млрд сомго жакын каражат үнөмдөлдү

Манас шаарындагы үч ири объекттен 1 млрд сомго жакын каражат үнөмдөлдү

Манас шаарында курулуп жаткан үч ири социалдык объекттин сметалык наркы кайра каралып, бюджеттен 997,4 млн сом үнөмдөлдү. Бул тууралуу курулуш министри Нурдан Орунтаев билдирди. Маалыматка ылайык, буга чейин Манас шаарынын мэриясы тарабынан облустук клиникалык оорукананын, 5 200 орундуу спорт комплексинин жана "Акылман" Президенттик мектеп-лицейинин курулушу башталган.

Мыйзам бузгандыгы үчүн төлөм уюмуна 220 миң сом айып пул салынды

Мыйзам бузгандыгы үчүн төлөм уюмуна 220 миң сом айып пул салынды

КРнын Улуттук банкы Бишкек шаарында жайгашкан төлөм уюмуна/төлөм системасынын операторунун бирине мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн 220 миң сом айып пул салды. Улуттук банктын маалыматына ылайык, айып пул Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын бузгандыгы үчүн салынган. Тактап айтканда, төлөм уюму төмөнкү талаптарды аткарбаганы аныкталган: * Кыргыз Республикасынын