Айыл чарба кооперативдери үчүн 2% жана 10% өлчөмүндөгү салыктык колдоо чаралары

Айыл чарба кооперативдери үчүн 2% жана 10% өлчөмүндөгү салыктык колдоо чаралары

Кыргызстанда айыл чарба кооперативдерин өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик колдоолор натыйжа берип, чакан дыйкан чарбалары атаандаштыкка жөндөмдүү ири товар өндүрүүчүлөргө айланууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Жеңилдетилген кредиттер, лизинг программалары жана салыктык жеңилдиктердин натыйжасында дыйкан чарбалары кооперативдерге биригип, өндүрүш көлөмүн көбөйтүп, продукциянын сапатын жогорулатууда. Бул аларга ички жана тышкы рынокторго ишенимдүү чыгууга шарт түзүүдө.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан кооперативдерди өнүктүрүүгө багытталган укуктук ченемдик актылар кабыл алынып, мамлекеттик жер фондунан жерди кезексиз жана конкурссуз негизде ижарага алуу мүмкүнчүлүгү берилди.

Мындан тышкары, айыл чарба кооперативдери өндүрүштөн түшкөн кирешеге жана кошумча нарк салыгына бошотулган. Кооператив мүчөлөрү 2% киреше салыгын, ал эми кооперативде иштеген жумушчулар 10% салык төлөшөт.

Белгилей кетсек, Министрлер Кабинети тарабынан 2023-2027-жылдарга карата Айыл чарба кооперациясын өнүктүрүү программасы кабыл алынган. Программанын максаты — калкты коопсуз жана сапаттуу азык-түлүк менен камсыз кылуу, агроөнөр жай комплексинин инвестициялык жана экспорттук потенциалын жогорулатуу жана импортту алмаштырууну күчөтүү.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media