Алгачкы ирет жеке күбөлүгүн алып жаткан казакстандыктарга эми паспорт бекер даярдалат

Алгачкы ирет жеке күбөлүгүн алып жаткан казакстандыктарга эми паспорт бекер даярдалат

Казакстан Республикасынын Ички иштер министрлигинин Миграция кызматы комитетинин төрагасы Аслан Аталыков бүгүн жеке күбөлүк алуу боюнча жакшы жаңылык менен бөлүштү.

Zakon.kz сайтынын маалыматына ылайык, Аслан Аталыков 2026-жылдын 1-январынан баштап казакстандыктар жеке күбөлүктөрун биринчи жолу алганда жана мөөнөтү бүткөндөн кийин жаңыртканда эми бекер ала тургандыгын билдирген.

Казкастандын ИИМи тарабынан башталган бул уникалдуу тажрыйба документтерди алуу процессин жөнөкөйлөтүүгө жана жарандардын каржылык жүгүн азайтууга багытталган. Алгачкы жеке күбөлүктөр баштапкы берилгенде бекер болот. Андан тышкары, жеке күбөлүктөрүнүн мөөнөтү бүткөндөн кийин жаңыртылган кезде да, аларга мамлекеттик алым төлөбөстөн  берилет”-деп билдирген Аслан Аталыков

Мындан тышкары окуңуз

Кылмыштуу ишти каржылоого жана аны адалдоого каршы аракеттенүү маселеси талкууланды

Кылмыштуу ишти каржылоого жана аны адалдоого каршы аракеттенүү маселеси талкууланды

Бүгүн Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча ведомстволор аралык комиссиясынын 18-жыйыны болуп өтү. Ишчарага  Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев, Кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча Евразия тобунун эксперттери, Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты. Адылбек Касымалиев жыйынды

Финансы министрлиги Бакай-атадагы социалдык мекемеге колдоо көрсөттү

Финансы министрлиги Бакай-атадагы социалдык мекемеге колдоо көрсөттү

Финансы министри Руслан Сүйүналиев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бакай-Ата районундагы улгайган адамдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандар жашаган социалдык стационардык мекемеге барып, анда жашаган жарандар менен жолугушуп кайтты. Финансы министрлигинин маалыматына караганда, КРнын Министрлер Кабинетинин тескемесине ылайык, Финансы министрлиги аталган мекемеге камкордук көрсөтүүнү өз милдетине алган.

Бишкекте 6 акча алмашуу бюросунун лицензиясы убактылуу токтотулду

Бишкекте 6 акча алмашуу бюросунун лицензиясы убактылуу токтотулду

КРнын мыйзамдарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Улуттук банк Бишкек шаарындагы 6 алмашуу бюросунун лицензиясынын аракетин убактылуу токтотту.  Улуттук банктын маалыматына ылайык, төмөнкү төрт алмашуу бюросунун лицензияларынын аракети 2026-жылдын 12-сентябрынан 26-сентябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду: * “Милан Обмен” ЖЧК; * “МЭФФ КЭШ”

Кыргызстан менен Кытай техникалык жөнгө салуу жаатында кызматташтыкты өнүктүрөт

Кыргызстан менен Кытай техникалык жөнгө салуу жаатында кызматташтыкты өнүктүрөт

Бүгүн Экономика министринин орун басары Искендер Асылкулов Кытайдын Рынокту жөнгө салуу боюнча мамлекеттик башкармалыгынын делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу министрлик билдирди. Жолугушууда техникалык жөнгө салуу, шайкештикти баалоо, сертификаттоо жана аккредитациялоо тармактарындагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды. Кыргыз тарап өлкөнүн техникалык жөнгө салуу жана улуттук аккредитациялоо системалары тууралуу маалымат берди.