Бишкекте "CITY Market" соода борборун куруучу компания аныкталды

Бишкекте "CITY Market" соода борборун куруучу компания аныкталды

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) алкагында «Бишкек шаарынын 9-кичирайонунда “CITY Market” заманбап базарын долбоорлоо жана куруу» долбоору боюнча өткөрүлгөн ачык конкурсунун жыйынтыгы менен жеке өнөктөш катары долбоор боюнча эң тең салмактуу, комплекстүү жана экономикалык жактан максатка ылайыктуу сунушту берген "Ак Ордо Булак" ЖЧКсы жеңүүчү деп аныкталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Долбоор Байтик-Батыр көчөсү 6а жана 4а даректериндеги турак жайлардын ортосундагы мейкиндикте ишке ашырылат. Максаты – дүң жана чекене соода үчүн заманбап шаардык инфраструктураны түзүү, соода мейкиндигинин ыңгайлуулугун, коопсуздугун жана функционалдуулугун камсыз кылуу.

Долбоордо кичи базарды куруу менен заманбап технологиялык чечимдерди киргизүү каралган. Ошондой эле долбоордун кошумча максаттары катары:

  • жеткиликтүү жана экологиялык жактан туруктуу шаардык чөйрөнү түзүү;
  • калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын жана азык-түлүктөрдүн сапатын жогорулатуу;
  • борбор калаанын тургундары үчүн эс алуу жана социалдык өз ара аракеттенүү үчүн ыңгайлуу коомдук мейкиндиктерди калыптандыруу.
МЖӨ долбоору борбор калаадагы чакан жана орто бизнеске заманбап шарт түзүү жана калк үчүн ыңгайлуу соода мейкиндигин камсыз кылуу багытында маанилүү кадам болуп эсептелет.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргыз дрондору Түркияга жана эл аралык рынокко экспорттолушу мүмкүн

Кыргыз дрондору Түркияга жана эл аралык рынокко экспорттолушу мүмкүн

Стамбулда Кыргызстандын "Qarga Group" компаниясы менен Түркиянын "ZENA Elektrik ve Enerji A.Ş." компаниясы энергетикалык инфратүзүмгө учкучсуз аппараттар аркылуу мониторинг жүргүзүү боюнча кызматташтыкты талкуулашты. Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жолугушууда "Qarga Group" компаниясы энергетикалык объектилерди абадан көзөмөлдөөгө арналган, өзү иштеп

Бишкекте абаны булгаган унаа аныкталып, ишканага айып пул салынды

Бишкекте абаны булгаган унаа аныкталып, ишканага айып пул салынды

Бишкекте атмосфералык абаны булгаган автоунаа аныкталып, ал таандык болгон ишканага 23 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматына шаардын түштүк тарабында автоунаадан коюу кара түтүн чыгып жатканы тууралуу жарандардан маалымат түшкөн. Анын негизинде кызматкерлер милициянын кайгуул

Өлкө боюнча 1 млн тоннадан ашык дан жыйналды

Өлкө боюнча 1 млн тоннадан ашык дан жыйналды

Кыргызстанда түшүм жыйноо иштери уланууда. Бүгүнкү күнгө карата өлкө боюнча 365,9 миң гектар аянттагы дан эгиндери жыйналып, жалпы түшүм 1 млн 69,8 миң тоннаны түздү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Орточо түшүмдүүлүк гектарына 27,6 центнерге жетти. Өткөн жылы бул

Ысык-Көлдөн 3700 метр тор жана 130 кг таштанды чыгарылды

Ысык-Көлдөн 3700 метр тор жана 130 кг таштанды чыгарылды

Ысык-Көлдө браконьерликке каршы күрөшүү жана көлдүн экологиялык абалын коргоо максатында өткөн үч күндүк рейдде 3700 метр синтетикалык тор жана 130 килограмм таштанды чыгарылды. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, рейддин негизги максаты – суу биоресурстарын мыйзамсыз пайдаланууга бөгөт коюу, браконьерликтин алдын алуу жана Ысык-Көлдүн экологиялык абалын сактоо.