Ысык-Көлдө 350 миң долларга фитосанитардык лаборатория курулууда

Ысык-Көлдө 350 миң долларга фитосанитардык лаборатория курулууда

Ысык-Көл облусунда өсүмдүктөрдүн карантини боюнча заманбап лаборатория курулууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Долбоор Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти тарабынан, Ислам Өнүктүрүү Банкынын каржылоосу менен ишке ашырылат.

Лаборатория Балыкчы шаарында курулуп, заманбап лабораториялык жабдуулар, оргтехника жана эмеректер менен жабдылат. Жалпы инвестиция 350 миң АКШ долларын түзөт.

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин директору Максат Кочеров Ислам Өнүктүрүү Банкынын жана ЮниХелп компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуп, лабораториялык жабдуулар жана эмеректерди алуу үчүн 14 170 121 сомдук келишимге кол коюшту.

Бул карантиндик фитосанитардык лаборатория Ысык-Көл жана Нарын облустарында фитосанитардык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн маанилүү кадам болуп эсептелет. Лаборатория зыянкечтерден келтирилген зыянды азайтып, жаратылыш ресурстарын коргоого жана региондун экономикасын чыңдоого мүмкүндүк берет. Заманбап лаборатория ошондой эле айыл чарба жана токой ресурстарын сактоо, экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн ишенимдүү инструмент болот.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media