Аялдар менен 18 жашка чейинкилер үчүн жаңы жүк көтөрүү нормалары бекитилди

Аялдар менен 18 жашка чейинкилер үчүн жаңы жүк көтөрүү нормалары бекитилди

Кыргыз Республикасында аялдар жана 18 жашка чейинки кызматкерлер үчүн мүмкүн болгон жүк көтөрүү нормалары бекитилди

Министрлер кабинети аялдар жана 18 жашка чейинки кызматкерлер үчүн кол менен оор жүктөрдү көтөрүү жана жылдыруу учурундагы максималдуу физикалык жүктөмдөрдүн жаңыланган нормаларын бекитти.

Мурдагы нормаларда 18 жашка чейинки өспүрүмдөр жана аялдар 7 килограммдан 10 килограммга чейинки жүктү кол менен көтөрүүгө болору көрсөтүлгөн.

Документ Эмгек кодексинин 139-беренесин аткаруунун алкагында кабыл алынып, аталган категориядагы кызматкерлер кол менен канча салмактагы жүктү көтөрүүгө жана жылдырууга уруксат берилерин аныктайт. Нормалар эки тиркемеде бекитилген: бири — жашы жете элек кызматкерлер үчүн, экинчиси — аялдар үчүн.

Токтомдо белгиленгендей, жаңы талаптар менчик түрүнө жана ишмердүүлүгүнүн багытына карабастан бардык уюмдар үчүн милдеттүү болуп саналат. Ошол эле учурда 2005 жана 2012-жылдары кабыл алынган, ушул сыяктуу нормаларды жөнгө салган өкмөттүн мурдагы эки токтому күчүн жоготту.

Белгиленген талаптардын сакталышын көзөмөлдөө эмгек мыйзамдарынын аткарылышын көзөмөлдөө жана бакйоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүктөлдү.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media