Сабакты калтырган студенттерге айып пул салуу маселеси каралат

Сабакты калтырган студенттерге айып пул салуу маселеси каралат

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги университеттерде сабакка келбегендер үчүн айып пул салуу маселесин карап чыгары Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында белгилүү болду.

Депутат Дастан Бекешев (№22 округ) 2025-жылы жогорку окуу жайларда келишимдик окуунун акысы олуттуу жогорулаганын, ошондой эле сабакка катышпагандар үчүн айып санкциялары киргизилип жатканын билдирди.

Илим министринин биринчи орун басары Айбек Чотонов түшүндүргөндөй, Кыргызстанда ЖОЖдордо келишимдик окуунун баасы 2021-жылдан бери көтөрүлгөн эмес, анткени президенттин жарлыгы менен киргизилген мораторий күчүндө болгон. Анын айтымында, мораторийге чейин келишимдик окуу акысы жыл сайын 10%га жогорулап турган. Чотонов белгилегендей, ЖОЖдор чыгымдарынын болжол менен 90%ын өз алдынча жабышат, ошондуктан окуу акысын жогорулатуу инфраструктураны жакшыртуу үчүн зарыл.

"Айып санкциялары маселесин карап чыгып, андан кийин толук жооп беребиз", — деди ал. Депутат мындай практиканы жокко чыгарууну сунуштады. Чотонов бул маселе сөзсүз караларын билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

"Бишкек жылуулук энерго" ишканасына 46 миң сом айып салынды

"Бишкек жылуулук энерго" ишканасына 46 миң сом айып салынды

"Бишкек жылуулук энерго" муниципалдык ишканасына кологиялык талаптарды бузганы үчүн 2 протокол түзүлүп, 46 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча башкармалыгы ишканага тиешелүү 6 автоунаанын экологиялык талаптарга шайкештигин текшерген.

Чаткалдагы Ыдырыс-Ата зыярат жайы жаңыланат

Чаткалдагы Ыдырыс-Ата зыярат жайы жаңыланат

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Ыдырыс-Ата тарыхый-маданий зыярат жайын өнүктүрүү боюнча эскиздик долбоор иштелип чыкты. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Долбоор Жаңы-Базар айылында жайгашкан тарыхый-маданий мурасты сактоого, Ыдырыс-Ата күмбөзүнүн аймагын көрктөндүрүүгө жана зыяратчылар үчүн зарыл шарттарды түзүүгө багытталган. Анын

Жалал-Абадда ымыркайлардын ооруларынын алдын алуу боюнча жыйын өттү

Жалал-Абадда ымыркайлардын ооруларынын алдын алуу боюнча жыйын өттү

Жалал-Абад облусунда энелердин жана ымыркайлардын ден соолугун коргоо, тубаса оорулардын алдын алуу жана аларды эрте аныктоо маселелери талкууланган жыйын өттү. Бул тууралуу аймактык өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди. Жыйынга облус башчысы Тилек Текебаев, облус башчысынын орун басарлары жана Саламаттык сактоо министрлигинин аймактагы координатору Өмүрбек Махамаджунус уулу, медицина тармагы боюнча

Ошто мал базарларда ветеринардык талаптар текшерилди

Ошто мал базарларда ветеринардык талаптар текшерилди

Ош облусундагы мал базарларда 17–24-август күндөрү ветеринардык көзөмөл жүргүзүлүп, жарандарга санитардык эрежелерди сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын аймактык башкармалыгынын маалыматына ылайык, мониторингдин жүрүшүндө сатууга алып келинген малдардын ветеринардык коштомо документтери жана эн тамгалары текшерилди.