Бул жылы кайра иштетүү өнөр жайында 95,2 млрд сомдук продукция өндүрүлдү

Бул жылы кайра иштетүү өнөр жайында 95,2 млрд сомдук продукция өндүрүлдү

2025-жылы Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин макроэкономикалык абалы туруктуу сакталып, айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүү көлөмү 437 миллиард сомдон ашты. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 102%ды түздү.

Министрликтин маалыматына ылайык, кайра иштетүү өнөр жай продукцияларынын өндүрүшү 95 миллиард 230 миллион сомго жетип, өткөн жылга салыштырмалуу 15 миллиард 31 миллион сомго көбөйдү. Бул кайра иштетүү тармагындагы ишканалардын ишмердүүлүгү жанданып, кошумча нарк жаратуу күч алганын көрсөтөт.

Өлкө калкы негизги тамак-аш азыктарынын 9 түрүнүн ичинен 6 түрү — сүт, эт, картошка, жашылча, кумшекер жана жумуртка менен толук камсыздалды. Бул ички рынокту өз продукциябыз менен камсыздоодо маанилүү жетишкендик болуп эсептелет.

Мындан тышкары, 2025-жылдан тартып жеңилдетилген насыялар 5 мамлекеттик программанын алкагында берилүүдө. Бул максатта жалпы 12 миллиард 242 миллион сом каралып, анын 11 миллиард сомдон ашыгы өздөштүрүлдү. Бул чаралар дыйкандарды, фермерлерди жана кайра иштетүүчү ишканаларды колдоого багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media