РФ жарандары КРнын аймагына эл аралык паспорт менен гана кире алышабы?

РФ жарандары КРнын аймагына эл аралык паспорт менен гана кире алышабы?

РФнын ЖМК булактарында акыркы кездерде, 2026-жылдан баштап Россия жарандары Кыргызстанга эл аралык паспорт менен гана кире ала тургандыгы тууралуу маалымат тарап кеткен.

Бул тууралуу Россиянын “Известия” басылмасы бүгүн жарыялады.

Билдирүүгө караганда, аталган басылманын кабарчылары КРнын Тышкы иштер министрлигине кайрылышса, “2026-жылдан баштап Россиянын жарандарынын Кыргызстанга кириши эл аралык паспорт менен гана ишке ашырылат” - деген маалыматты ведомстводон четке кагышкан. Алар кыргыз бийлиги талабын бул боюнча эч кандай план болбогондугун” белгилешкен.

Ушуга байланыштуу Известиянын өкүлдөрү Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматына таянып, эл арасында тараган маалымат чындыкка дал келбестигин жарыялашууда.  

Мындан тышкары окуңуз

Кинематография департаменти өз балансындагы 10 кинотеатрды ижарага берүүгө даяр

Кинематография департаменти өз балансындагы 10 кинотеатрды ижарага берүүгө даяр

Бул тууралуу маданият министринин орун басары Марат Тагаев Жогорку Кеңештин илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү, маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, жалпы кинотеатрлардын саны 37ни түзгөн, ал эми 2024-жылдан бери 20 кинотеатр ижарага берилген. "Эгер инвесторлор пайда болсо, биз Кинематография департаментинин карамагындагы

Кыргызстандагы улуттук кинематографиянын бюджети былтыр 3 эсе өскөн

Кыргызстандагы улуттук кинематографиянын бюджети былтыр 3 эсе өскөн

2025-жылы Кыргызстандагы улуттук кинематографиянын бюджети үч эсеге өсүп, 970 млн сомду түзгөнүн Жогорку Кеңештин илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү, маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин жыйынында маалым болду. Салыштыруу үчүн айтсак, 2024-жылы бул тармакка 345 млн сом бөлүнгөн. 2025-жылы: * Кинематография департаменти тарабынан 4 көркөм фильм жана 1

ИИМ финансылык алдамчылыкка каршы күрөштү күчөтүүдө

ИИМ финансылык алдамчылыкка каршы күрөштү күчөтүүдө

КР ИИМнин киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы менен TSARKA Кыргызстан кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту. Бул долбоор калкты финансылык алдамчылардын курмандыгы болуудан коргоо максатында киргизилүүдө. Ага ылайык, атайын “Алданба” деген жазуусу бар ИИМ кызматкери чагылдырылган макет эл көп кездешкен жайлардагы банкоматтардын, төлөм терминалдарынын жанында жайгаштырылды. ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын киберкылмыштуулук

Салыктык эмес кирешелердин өсүшү 2025-жылдын бюджет профицитине таасир эткен

Салыктык эмес кирешелердин өсүшү 2025-жылдын бюджет профицитине таасир эткен

Кыргыз Республикасынын бюджети рекорддук профицит менен аткарылганын Евразиялык стабилдештирүү жана өнүктүрүү фонду (ЕФСР) тарабынан даярдалган 2025-жылдын декабрындагы докладда айтылат. Докладдын авторлорунун белгилешинче, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (КР УБ) 2024-жыл үчүн алган 45,7 млрд сом өлчөмүндөгү таза кирешесинин республикалык бюджетке которулушу (бул ИДПнын 3,7%ын түзөт) 2025-жылдын январь–сентябрь