Кара-Сууда заманбап этти кайра иштетүү ишканасы ишке кирди

Кара-Сууда заманбап этти кайра иштетүү ишканасы ишке кирди

Ош облусунун Кара-Суу районунда "Жети-Баатыр" ЖЧКсына караштуу этти кайра иштетүү ишканасынын ачылыш аземи онлайн форматта өттү. Иш-чарага Президент Садыр Жапаров онлайн катышты. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Ачылышка ошондой эле министрдин орун басары Бектур Тунсунбекович жана Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаментинин Ош облусу боюнча региондук башкармалыгынын башчысы М. Турдуев катышты.

Ишкана 2025-жылы ишке ашырылуучу планга киргизилген 63 объекттин катарында орун алып, өлкөдө кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүгө багытталган маанилүү долбоорлордун бири болуп саналат. Жаңы ачылган ишкана заманбап технологиялар менен жабдылып, этти кайра иштетүү боюнча бардык санитардык жана техникалык талаптарга толук жооп берет.

Ишкананын ишке кириши аймактагы мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө, кошумча жумуш орундарын түзүүгө жана ички рынокту сапаттуу эт азыктары менен камсыздоого өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Чаткалдын Курулуш айылына 21 млн сомго маданият үйү курулуп баштады

Чаткалдын Курулуш айылына 21 млн сомго маданият үйү курулуп баштады

26-июнда Чаткал районунун Курулуш айылында жаңы маданият үйүнүн курулушуна мезгил кутучасын салуу аземи болуп өттү. Иш-чарага район акими Алтынбек Сеңирбаев катышып, бул долбоор аймактын социалдык жана маданий өнүгүүсү үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи. Бул тууралуу аталган райондун админстрациясынан маалымдашты. Маалыматка ылайык, жаңы маданият үйүнүн курулушу мамлекеттин аймактарды

Кытайлык ишкерлер Кыргызстанда ири долбоорлорду ишке ашырууну көздөйт

Кытайлык ишкерлер Кыргызстанда ири долбоорлорду ишке ашырууну көздөйт

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна болгон жумуш сапарынын алкагында, онго жакын компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушууда “China National Petroleum Corporation”, “China Road and Bridge corporation”, “Xinjiang Sanbao Industrial Group Co., Ltd.”, “China Datang

Кара-Балтада 4 млн долларга заманбап таштанды талаасы курулат

Кара-Балтада 4 млн долларга заманбап таштанды талаасы курулат

Кара-Балта шаарында жаңы санитардык катуу тиричилик калдыктарын төгүүчү таштанды талаасын куруу маселеси боюнча жумушчу кеңешме өттү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чарага министрдин биринчи орун басары Жеңиш Сейдалиев, жергиликтүү бийлик органдарынын, Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин, Кара-Балта тоо-кен комбинатынын,

Орусияда Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын өкүлчүлүгүн ачуу маселеси каралды

Орусияда Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын өкүлчүлүгүн ачуу маселеси каралды

Кыргызстандын башкы прокурору Максат Асаналиев Орусияда өткөн Санкт-Петербург XIV эл аралык юридикалык форумуна катышты. Бул тууралуу Кыргызстандын Башкы прокуратурасы билдирди. Маалыматка ылайык, форум — укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана мыйзам үстөмдүгүн чыңдоо маселелерин талкуулоого багытталган ири эл аралык аянтча. Иш-чаранын алкагында Максат Асаналиев Орусиянын башкы