Баткендеги Риштан кенинин запастары тууралуу расмий маалымат

Баткендеги Риштан кенинин запастары тууралуу расмий маалымат

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Кыргыз геологиялык кызматы Баткен облусундагы Түндүк жана Түштүк Риштан газ-мунай кен жайларындагы запастар тууралуу расмий маалымат берди.

Министрликтин маалыматына ылайык, Түндүк Риштан кен жайы Кадамжай районунун Кадамжай шаарынан 60 км түштүк-чыгышта жайгашкан. Кен жай 1954-жылдан тартып иштетилип, эксплуатация мезгилинде 46 скважина бургуланган. 2025-жылдын 1-январына карата пайдалуу запастар:

  • Мунай: геологиялык — 654,42 миң тонна, алынуучу — 20,38 миң тонна
  • Мунайда эриген газ: геологиялык — 68,62 млн м³, алынуучу — 56,61 млн м³
  • Эркин газ: геологиялык — 44,17 млн м³, алынуучу — 36,44 млн м³
Түштүк Риштан кен жайы Фуркат станциясынан 60 км түштүк-чыгышта жайгашып, 1989-жылы ачылган. Эркин газдын запасы 2025-жылдын 1-январына карата геологиялык — 1 916,02 млн м³, алынуучу — 356,86 млн м³ деп бааланган.

Кыргыз геологиялык кызматы белгилегендей, пайдалуу кендердин запастары тууралуу маалыматтар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын чечимдерине жана бекитилген геологиялык материалдарга гана негизделет.

Мындан тышкары окуңуз

Ноокат районундагы 3 айыл өкмөттүн жолуна асфальт төшөлдү

Ноокат районундагы 3 айыл өкмөттүн жолуна асфальт төшөлдү

Ноокат – Папан унаа жолуна үстүбүздөгү жылдын планына ылайык, 5 чакырым аралыкка асфальт төшөө каралган. Ноокат райондук админстрациясынын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө белгиленген план толугу менен аткарылып,Мирмахмудов, Көк-Бел айыл өкмөттөрүнө 2 чакырым асфальт төшөлдү. Ал эми Н.Исанов айыл өкмөтүнө 1 чакырым жол оңдолду. Учурда аталган жолдун 22-24-

Кыргызстан менен Азербайжан сот тармагында тажрыйба алмашууну күчөтөт

Кыргызстан менен Азербайжан сот тармагында тажрыйба алмашууну күчөтөт

20-августта Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев баштаган делегация Азербайжанга иш сапары менен барып, Азербайжандын Жогорку сотунун төрагасы Инам Имдад оглу Керимов менен жолугушту. Маалыматка ылайык, жолугушууда электрондук документ жүгүртүү, сот иштерин каттоо жана бөлүштүрүү, аралыктан сот отурумдарына катышуу маселелери каралып, жеке маалыматтарды коргоо боюнча тажрыйба алмашуу маселеси

Чоң-Гара жана Таш-Дөбөнүн 1354 тургуну кыргыз жарандыгын алууга документ тапшырды

Чоң-Гара жана Таш-Дөбөнүн 1354 тургуну кыргыз жарандыгын алууга документ тапшырды

Баткен облусунун башчысы Мамыржан Рахимов Өзбекстандан Кыргызстанга өткөн Чоң-Гара жана Таш-Дөбө айылдарынын тургундары менен жолугушту. Анда жарандык алуу жана тиешелүү документтерди даярдоо маселелери талкууланды. Аймактык өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жолугушууда тургундардын суроо-талаптары эске алынып, кыргыз жарандыгын алуу үчүн документтерди кабыл алуу мөөнөтү дагы бир жумага

Жүргүнчү ташуучуларды текшерүүдө 1,7 млн сом айып салынды

Жүргүнчү ташуучуларды текшерүүдө 1,7 млн сом айып салынды

Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин инспекторлору Бишкектеги "Ак-Кула" жана "Бишкек" автобекеттеринде жүргүнчү ташуучулардын ишмердүүлүгүн текшерди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Текшерүүдө унаалардын техникалык абалы, шиналары, өрт өчүрүүчү шаймандары, ошондой эле айдоочулардын лицензиялары, патенттери жана камсыздандыруу полистери каралды. Мындан тышкары, айдоочулардын медициналык кароодон