Мэрия "Тазалык" ишканасына 20 атайын техника тапшырды

Мэрия "Тазалык" ишканасына 20 атайын техника тапшырды

Бүгүн Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери үчүн салтанаттуу майрамдык иш-чара уюштурулду. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев катышып, кызматкерлерге үзүрлүү эмгеги жана борбор калаанын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Шаар башчысы жаңы жыл менен куттуктап, ишкананын директоруна жаңы адистештирилген техникалардын ачкычтарын тапшырды.

Акыркы эки жылда ишканага 188 даана заманбап техника берилген, анын ичинен 20 даанасы бүгүн тапшырылды. Бул жаңы жабдуулар иш процессин тездетип, кызматтардын сапатын жогорулатууга өбөлгө болот деп белгиленди.

Майрамдык иш-чарага 1 200гө жакын кызматкер жана шаардык жана тармактык кызматтардын өкүлдөрү катышты. Коноктор үчүн концерттик программа уюштурулуп, филармониянын артисттери музыкалык жана вокалдык чыгармаларды аткарышты.

Ошондой эле өзгөчөлөнгөн кызматкерлер ыраазычылык каттар жана ардак грамоталар менен сыйланышты. Иш-чара Көз карандысыз профсоюз менен «Тазалык» ишканасынын биргеликте уюштуруусу менен өткөрүлдү.

Мындан тышкары окуңуз

Moody’s BAKAI банкынын рейтингин B2ге көтөрдү: негизги көрсөткүчтөр боюнча банкка берилген эл аралык баа жакшырды

Moody’s BAKAI банкынын рейтингин B2ге көтөрдү: негизги көрсөткүчтөр боюнча банкка берилген эл аралык баа жакшырды

2026-жылдын 6-октябрында Moody’s Ratings эл аралык рейтинг агенттиги BAKAI банкынын улуттук жана чет өлкөлүк валютадагы узак мөөнөттүү депозиттик рейтингдерин B3төн B2ге көтөрдү. Ошондой эле агенттик банктын кредитке жөндөмдүүлүгү боюнча бир катар негизги баалоолорду жогорулатты. Кредитке жөндөмдүүлүктүн базалык баасы (BCA) b3төн b2ге жогорулатылды. Бул көрсөткүч сырттан берилиши мүмкүн

Ишкер Media
Кыргыз-герман кызматташтыгы ар тараптуу өнүгүү багытында

Кыргыз-герман кызматташтыгы ар тараптуу өнүгүү багытында

Бүгүн, Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрайымы Эльвира Сурабалдиева Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Моника Ленхард менен жолугушту.   Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, жолугушууда эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн келечеги, парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо, соода-экономикалык жана инвестициялык

Ишкер Media
ИИМ эскертет: Мессенджерден арзан унаа издеп, алдамчыларга кабылбаңыз

ИИМ эскертет: Мессенджерден арзан унаа издеп, алдамчыларга кабылбаңыз

Бишкек шаардык ИИББдин Кылмыш иликтөө башкармалыгы санариптик мейкиндиктеги кезектеги алдамчылык схемасы боюнча кыргызстандыктарга эскертүү жарыялады. Билдирүүгө караганда, акыркы кездерде социалдык тармактарда жана мессенджерлерде жок эле унааларды сатып, жарандарды сызга отургузган фактылар көбөйдү.  Тартип сакчылардын маалыматына ылайык, алдамчылардын негизги тактикасы жана схемасы төмөндөгүдөй болот: * Төмөн баа жана таза сүрөттөр сунушталат: Кылмышкерлер

Ишкер Media
“Коррупцияга жол жок!” аттуу масштабдуу челлендж башталды

“Коррупцияга жол жок!” аттуу масштабдуу челлендж башталды

Ички иштер министрлиги коомдогу терс көрүнүштөр менен күрөшүү жана мыйзамдуулукту бекемдөө максатында “Коррупцияга жол жок!” деп аталган жалпы улуттук челленджди баштады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, бул иш-чара Президенттин “2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында уюштурулууда.

Ишкер Media