Балыкчы шаардык прокуратурасынын жаңы имараты ачылды

Балыкчы шаардык прокуратурасынын жаңы имараты ачылды

Башкы прокурор Максат Асаналиев Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы прокуратуранын административдик имаратын расмий түрдө ачты. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Иш-чаранын жүрүшүндө Башкы прокурор жаңы имарат прокуратура органдарынын ишин заманбап талаптарга ылайык уюштурууга, кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана жарандар менен иш алып баруунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталганын белгиледи.

Ошондой эле прокуратура органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого багытталган иштер мындан ары да системалуу түрдө улантылары, бул чаралар укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө болору айтылды.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте акча алмаштыруу бюросу жоопкерчиликке тартылды

Бишкек - Кант жолунда жарыктандыруу системасы ишке кирди

Бактияр Алиев Социалдык фонддун ишин журналисттерге тааныштырды

Кыргызстанда Эл аралык валюта фондунун миссиясы ишин баштады

"Кыргызнефтегаз" жаңы газ кенин тапты