Эс алуу күндөрү медициналык мекемелер күчөтүлгөн режимде иштейт

Эс алуу күндөрү медициналык мекемелер күчөтүлгөн режимде иштейт

Саламаттык сактоо министрлиги майрам жана эс алуу күндөрү саламаттык сактоо уюмдарынын иштөө тартиби тууралуу маалымдады. Маалыматка ылайык, 30–31-декабрь күндөрү Кыргызстандын бардык медициналык мекемелерде күчөтүлгөн иш режими камсыздалат.

2026-жылдын 1–9-январы аралыгында саламаттык сактоо уюмдары белгиленген тартипте, нөөмөт уюштуруу менен иштешет. Медициналык мекемелерде шашылыш медициналык жардам сутка бою көрсөтүлөт, өзгөчө дарылоону талап кылган бейтаптарды жаткыруу үчүн керебеттердин резерви түзүлөт. Ошондой эле зарыл болгон дары-дармектердин, медициналык буюмдардын, кан компоненттеринин жана алардын резервдеринин жетиштүүлүгү камсыздалат.

1–9-январь күндөрү үй-бүлөлүк медицина борборлорунда, жалпы дарыгердик практика борборлорунда жана үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунда үй-бүлөлүк дарыгердин, үй-бүлөлүк медайымдын жана каттоо бөлүмүнүн нөөмөтү саат 08:00дөн 18:00гө чейин уюштурулат. Процедуралык кабинеттер саат 14:00гө чейин иштейт.

Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле өлкөнүн аймактарында тез жардам кызматы дем алышсыз, сутка бою үзгүлтүксүз иштейт,- деп айтылат Саламаттык сактоо министрлигинин билдирүүсүндө.

Мындан тышкары окуңуз

Moody’s BAKAI банкынын рейтингин B2ге көтөрдү: негизги көрсөткүчтөр боюнча банкка берилген эл аралык баа жакшырды

Moody’s BAKAI банкынын рейтингин B2ге көтөрдү: негизги көрсөткүчтөр боюнча банкка берилген эл аралык баа жакшырды

2026-жылдын 6-октябрында Moody’s Ratings эл аралык рейтинг агенттиги BAKAI банкынын улуттук жана чет өлкөлүк валютадагы узак мөөнөттүү депозиттик рейтингдерин B3төн B2ге көтөрдү. Ошондой эле агенттик банктын кредитке жөндөмдүүлүгү боюнча бир катар негизги баалоолорду жогорулатты. Кредитке жөндөмдүүлүктүн базалык баасы (BCA) b3төн b2ге жогорулатылды. Бул көрсөткүч сырттан берилиши мүмкүн

Ишкер Media
Кыргыз-герман кызматташтыгы ар тараптуу өнүгүү багытында

Кыргыз-герман кызматташтыгы ар тараптуу өнүгүү багытында

Бүгүн, Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрайымы Эльвира Сурабалдиева Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Моника Ленхард менен жолугушту.   Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, жолугушууда эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн келечеги, парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо, соода-экономикалык жана инвестициялык

Ишкер Media
ИИМ эскертет: Мессенджерден арзан унаа издеп, алдамчыларга кабылбаңыз

ИИМ эскертет: Мессенджерден арзан унаа издеп, алдамчыларга кабылбаңыз

Бишкек шаардык ИИББдин Кылмыш иликтөө башкармалыгы санариптик мейкиндиктеги кезектеги алдамчылык схемасы боюнча кыргызстандыктарга эскертүү жарыялады. Билдирүүгө караганда, акыркы кездерде социалдык тармактарда жана мессенджерлерде жок эле унааларды сатып, жарандарды сызга отургузган фактылар көбөйдү.  Тартип сакчылардын маалыматына ылайык, алдамчылардын негизги тактикасы жана схемасы төмөндөгүдөй болот: * Төмөн баа жана таза сүрөттөр сунушталат: Кылмышкерлер

Ишкер Media
“Коррупцияга жол жок!” аттуу масштабдуу челлендж башталды

“Коррупцияга жол жок!” аттуу масштабдуу челлендж башталды

Ички иштер министрлиги коомдогу терс көрүнүштөр менен күрөшүү жана мыйзамдуулукту бекемдөө максатында “Коррупцияга жол жок!” деп аталган жалпы улуттук челленджди баштады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, бул иш-чара Президенттин “2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында уюштурулууда.

Ишкер Media