"Торугарт" жана "Эркечтам" өткөрүү пункттары убактылуу жабылат

"Торугарт" жана "Эркечтам" өткөрүү пункттары убактылуу жабылат

Жаңы жыл майрамына байланыштуу кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркечтам" өткөрүү пункттары убактылуу жабылат.

УКМКнын Чек ара кызматы маалыматка ылайык, 2026-жылдын 1-январында аталган өткөрүү пункттары аркылуу адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү убактылуу токтотулат.

Өткөрүү иши "Эркечтам" көзөмөл-өткөрүү пунктунда 2026-жылдын 1-январында саат 22:00дөн тартып, ал эми "Торугарт" өткөрүү пунктунда 2026-жылдын 2-январында саат 08:00дөн тартып кайрадан жандандырылат.

Чек ара кызматы жарандарды жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларын мамлекеттик чек арадан өтүүнү алдын ала пландаштырууда бул маалыматты эске алууга чакырат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда Juventus футбол академиясын ачуу пландалууда

Кыргызстанда Juventus футбол академиясын ачуу пландалууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте Juventus Academy Kyrgyzstan инвестициялык долбоорун ишке ашыруу маселеси талкууланды. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти. Жыйын Улуттук агенттиктин башчысынын орун басары М.Н. Койчумановдун жетекчилиги алдында өттү. Долбоордун алкагында Бишкек шаарында балдар-өспүрүмдөр футбол борборун, ал эми Ысык-Көл облусунда эл аралык окуу-машыгуу комплексин түзүү

Түштүк Кореядан мыйзамсыз ташылып келген унаалар аныкталды

Түштүк Кореядан мыйзамсыз ташылып келген унаалар аныкталды

“Түндүк” темир жол бажысынын аткезчиликке жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу төрт автотранспорт каражатын мыйзамсыз өткөрүү фактысын аныкташты. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, текшерип кароо учурунда Корея Республикасынан Кыргызстанга алуучулардын дарегине келген контейнердеги автоунаалардын транзиттик декларацияларда көрсөтүлгөн маалыматтарга дал келбестиги аныкталган.

Таласта 93 миң гектардан ашык токойдун чек аралары такталууда

Таласта 93 миң гектардан ашык токойдун чек аралары такталууда

Бакай-Ата жана Талас токой чарбаларында жалпы 93 037,4 гектар жер аянтынын абалын баалоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМге караштуу Токой кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, топографиялык жана геодезиялык иштер аткарылып, токой тилкелерине баа берилип, биотүрдүүлүгү талданып жатат. Ошондой эле чек аралык мамылар орнотулууда. 2026-жылдын 1-июнунан бери токойду

Бишкектеги Манас көчөсүнүн бир тарабы жабылды

Бишкектеги Манас көчөсүнүн бир тарабы жабылды

20-августта жол оңдоо иштерине байланыштуу Манас көчөсүнөн аба майданы тарапка кеткен жолдун бир тарабы бир күнгө убактылуу жабылды. Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, жабыла турган жол тилкеси Чоң Чүй каналынан Пригородное айылына чейинки аралыкты камтыйт. Бишкек шаардык мэриясы борбор калаанын тургундарынжана конокторун, оңдоо иштерине байланыштуу жаралган убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн түшүнүү