Жаңы жыл түнү коомдук транспорттор канчага чейин иштейт?

Жаңы жыл түнү коомдук транспорттор канчага чейин иштейт?

Борбор калаанын тургундарынын жана конокторунун ыңгайлуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу максатында Жаңы жыл түнүндө Бишкек шаарындагы коомдук транспорттун иштөө убактысы узартылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 31-декабрдан 1-январга караган түнү коомдук транспорт түнкү саат 2:00–3:00гө чейин иштейт. Шаар тургундарына жана конокторуна кызмат көрсөтүү үчүн негизги каттамдарда 300дөн ашык автобус каттамга чыгарылат.

Кабыл алынган чаралар жаңы жылдык майрамдык иш-чаралар маалында шаар ичинде жүрүүнү жеңилдетүүгө, ошондой эле коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргыз-герман кызматташтыгы ар тараптуу өнүгүү багытында

Кыргыз-герман кызматташтыгы ар тараптуу өнүгүү багытында

Бүгүн, Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрайымы Эльвира Сурабалдиева Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Моника Ленхард менен жолугушту.   Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, жолугушууда эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн келечеги, парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо, соода-экономикалык жана инвестициялык

Ишкер Media
ИИМ эскертет: Мессенджерден арзан унаа издеп, алдамчыларга кабылбаңыз

ИИМ эскертет: Мессенджерден арзан унаа издеп, алдамчыларга кабылбаңыз

Бишкек шаардык ИИББдин Кылмыш иликтөө башкармалыгы санариптик мейкиндиктеги кезектеги алдамчылык схемасы боюнча кыргызстандыктарга эскертүү жарыялады. Билдирүүгө караганда, акыркы кездерде социалдык тармактарда жана мессенджерлерде жок эле унааларды сатып, жарандарды сызга отургузган фактылар көбөйдү.  Тартип сакчылардын маалыматына ылайык, алдамчылардын негизги тактикасы жана схемасы төмөндөгүдөй болот: * Төмөн баа жана таза сүрөттөр сунушталат: Кылмышкерлер

Ишкер Media
“Коррупцияга жол жок!” аттуу масштабдуу челлендж башталды

“Коррупцияга жол жок!” аттуу масштабдуу челлендж башталды

Ички иштер министрлиги коомдогу терс көрүнүштөр менен күрөшүү жана мыйзамдуулукту бекемдөө максатында “Коррупцияга жол жок!” деп аталган жалпы улуттук челленджди баштады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, бул иш-чара Президенттин “2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында уюштурулууда.

Ишкер Media
Бишкекке дагы 1600 автобус жетишсиз

Бишкекке дагы 1600 автобус жетишсиз

Бишкекке жөө жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн дагы 1600 автобус жетишсиз. Бул тууралуу шаар мэри Айбек Жунушалиев УТРКга берген маегинде билдирди. Шаар башчысынын айтымында, азыр шаарда 1500 автобус жүргүнчүлөрдү тейлеп жатат. "Жаңы конуштарды транспорт менен камсыз кылуу жана аларды Чүй облусунун жакынкы айылдарына чейин узартуу маселеси бар", - деди Айбек Жунушалиев.

Ишкер Media