Чүй облусунда 600 миң сом алдап алган адам кармалды

Чүй облусунда 600 миң сом алдап алган адам кармалды

Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы 7-январда алдамчылыкка шектүү адам кармалганын билдирди. Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 15-декабрында Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө Кара-Жыгач айылынын тургуну кайрылган.

Анын айтымында, 2024-жылдын ноябрь айында таанышы менен биргелешип бизнес жүргүзөбүз деген убадасына ишенип, ага 600 миң сом акча берген. Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") боюнча каттоого алынган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө тараптардын ортосунда оозеки макулдашуу болуп, кепилдик катары жабырлануучуга "Audi A4" жана "Nexia-2" үлгүсүндөгү эки унаасын калтырылган. Кийинчерээк шектүү бул унааларды сатып жиберип, алынган акчаны жеке муктаждыктарына короткон.

2026-жылдын 3-январында шектүү Э.У. милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, Аламүдүн райондук сотунун чечими менен ал камакка алынды.

Мындан тышкары, кармалган жаран башка ушул сыяктуу кылмыштарга да тиешеси бар экени жана издөөдө жүргөнү аныкталган. Ушуга байланыштуу укук коргоо органдары шектүүнүн аракеттеринен жабыркагандарды же кандайдыр бир маалыматка ээ болгон жарандарды төмөнкү телефондор аркылуу кабар берүүгө чакырат: 0312 36-35-27, 0312 36-35-23.

Мындан тышкары окуңуз

Ноокатта 1000 кубдук суу резервуары ачылды

Ноокатта 1000 кубдук суу резервуары ачылды

Бүгүн Ноокат районунун Көк-Жар айыл аймагындагы Улуу-Тоо айылында 1000 м³ көлөмдөгү суу сактоочу резервуар ишке берилди. Бул тууралуу Ноокат районунун администрациясы билдирди. Маалыматка ылайык, ачылышка Жогорку Кеңештин депутаты Р.Рысбаев, Ноокат районунун акими Н.Керимкулов, Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы А.Шамуратов жана жергиликтүү тургундар катышты. Курулуш 2025-

Ишкер Media
Шакиранын концертине 30 миңге жакын турист келери күтүлүүдө

Шакиранын концертине 30 миңге жакын турист келери күтүлүүдө

Дүйнөлүк ырчы, Шакиранын концертине 60 миңге жакын көрүүчү келери күтүлүп жатат. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов билдирди. Анын айтымында, “Бишкек Арена” спорттук иш-чаралар менен катар ири маданий музыкалык жана эл аралык иш-чараларды өткөрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. “Алдыда өтө турган Шакиранын концерти Кыргызстанда

Ишкер Media
Өлкөдө алюминий сыныктарын жана калдыктарын экспорттоого 6 айга тыюу салуу сунушталды

Өлкөдө алюминий сыныктарын жана калдыктарын экспорттоого 6 айга тыюу салуу сунушталды

Кыргызстанда алюминий сыныктарын жана калдыктарын өлкөдөн сыртка ташып чыгууга алты айга убактылуу тыюу салуу сунушталууда. Министрлер Кабинетинин тиешелүү токтомунун долбоору бүгүн, коомдук талкууга коюлду. Токтомдун долбоорунун максаты ата мекендик кайра иштетүүчү жана өндүрүштүк ишканаларды керектүү алюминий сырьесу менен камсыз кылуу, колдо болгон өндүрүштүк кубаттуулуктарды толугураак жүктөө үчүн шарттарды түзүү, алюминийдин

Ишкер Media
Өлкөдө жыл башынан бери 93 мыйзамсыз таштанды жайы жабылды

Өлкөдө жыл башынан бери 93 мыйзамсыз таштанды жайы жабылды

2026-жылдын башынан бери Кыргызстанда 93 мыйзамсыз таштанды жайы жоюлду. Учурда республика боюнча 230 таштанды жайы иштеп жатат. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, эң көп жоюу Ысык-Көл облусунда катталды – мурдагы 51 жайдын 35и жабылып, 16 гана калды. Талас облусунда 31 жайдын бирөө жоюлуп, 30 жай калды.

Ишкер Media