ИИМ жолдордо санариптик көзөмөлдү күчөтүүдө

ИИМ жолдордо санариптик көзөмөлдү күчөтүүдө

«Коопсуз өлкө» долбоорунун алкагында Ички иштер министрлиги санариптештирүүгө активдүү өтүүдө. Президенттин Иш башкармалыгына караштуу мамлекеттик «Кызмат» ишканасынын IT-адистери заманбап мобилдик тиркеме иштеп чыгып, ал Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин жаңы планшеттерине орнотулду.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө караганда, санариптештирүүнүн алкагында ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына мобилдик тиркеме орнотулган планшеттер берилди. Азыркы учурда жол кыймылын көзөмөлдөгөн кызматкерлер планшеттерди колдонуп, айдоочулар жана автоунаалар тууралуу маалыматты ыкчам текшерүүдө.

Ага ылайык, базадан жарандын өздүгү, айдоочулук күбөлүгү, издөөдө бар же жоктугу боюнча толук маалыматтар чыгат. Ошондой эле автоунаанын каттоосу, кошумча жабдыктардын орнотулуусу, айнек караңгылатуу уруксаты, автоунаанын издөөдө бар же жоктугу, айып пулдар сыяктуу бир катар маалыматтар камтылган.

Белгилей кетсек, заманбап мобилдик тиркеме камтылган планшеттер, санариптештирүүнүн алкагында кызматкерлердин кызмат өтөөсүн бир кыйла жеңилдетип, маалыматтарды ыкчам алууга шарт түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Ноокатта 1000 кубдук суу резервуары ачылды

Ноокатта 1000 кубдук суу резервуары ачылды

Бүгүн Ноокат районунун Көк-Жар айыл аймагындагы Улуу-Тоо айылында 1000 м³ көлөмдөгү суу сактоочу резервуар ишке берилди. Бул тууралуу Ноокат районунун администрациясы билдирди. Маалыматка ылайык, ачылышка Жогорку Кеңештин депутаты Р.Рысбаев, Ноокат районунун акими Н.Керимкулов, Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы А.Шамуратов жана жергиликтүү тургундар катышты. Курулуш 2025-

Ишкер Media
Шакиранын концертине 30 миңге жакын турист келери күтүлүүдө

Шакиранын концертине 30 миңге жакын турист келери күтүлүүдө

Дүйнөлүк ырчы, Шакиранын концертине 60 миңге жакын көрүүчү келери күтүлүп жатат. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов билдирди. Анын айтымында, “Бишкек Арена” спорттук иш-чаралар менен катар ири маданий музыкалык жана эл аралык иш-чараларды өткөрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. “Алдыда өтө турган Шакиранын концерти Кыргызстанда

Ишкер Media
Өлкөдө алюминий сыныктарын жана калдыктарын экспорттоого 6 айга тыюу салуу сунушталды

Өлкөдө алюминий сыныктарын жана калдыктарын экспорттоого 6 айга тыюу салуу сунушталды

Кыргызстанда алюминий сыныктарын жана калдыктарын өлкөдөн сыртка ташып чыгууга алты айга убактылуу тыюу салуу сунушталууда. Министрлер Кабинетинин тиешелүү токтомунун долбоору бүгүн, коомдук талкууга коюлду. Токтомдун долбоорунун максаты ата мекендик кайра иштетүүчү жана өндүрүштүк ишканаларды керектүү алюминий сырьесу менен камсыз кылуу, колдо болгон өндүрүштүк кубаттуулуктарды толугураак жүктөө үчүн шарттарды түзүү, алюминийдин

Ишкер Media
Өлкөдө жыл башынан бери 93 мыйзамсыз таштанды жайы жабылды

Өлкөдө жыл башынан бери 93 мыйзамсыз таштанды жайы жабылды

2026-жылдын башынан бери Кыргызстанда 93 мыйзамсыз таштанды жайы жоюлду. Учурда республика боюнча 230 таштанды жайы иштеп жатат. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, эң көп жоюу Ысык-Көл облусунда катталды – мурдагы 51 жайдын 35и жабылып, 16 гана калды. Талас облусунда 31 жайдын бирөө жоюлуп, 30 жай калды.

Ишкер Media