Чолпон-Атадагы саркынды сууларды тазалоочу курулманын курулушу текшерүүгө алынды

Чолпон-Атадагы саркынды сууларды тазалоочу курулманын курулушу текшерүүгө алынды

7-январда КРнын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы “Ысык-Көл көлүн экологиялык башкаруу жана туризмди туруктуу өнүктүрүү” долбоорунун алкагында ишке ашырылып жаткан саркынды сууларды тазалоочу курулманын курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Аталган министрликтин басма сөз кызматынан маалымдагандай, курулуш иштери 2025-жылдын июль айында башталып, “China Road” жана “Алкаташ” компаниясы тарабынан аткарылууда. Долбоорго ылайык, суткасына 14,2 миң куб метр кубаттуулуктагы жаңы канализациялык тазалоочу станциянын арматура токуу иштери жүрүп жатат. Ал эми 12 насостук станциянын жер казуу иштери толук бүткөрүлүп, курулуштун кийинки этабы жүргүзүлүүдө.

Министр курулуш объектисинин негизги бөлүгүнөн тарта, насостук станциялардын курулушуна чейин карап чыгып, курулуш иштеринин мөөнөтүнө жана сапатына тыкыр көңүл буруу керектигин курулушчуларга эскертти.

Долбоор ишке ашкандан кийин Чолпон-Ата шаарынын, Бостери, Бактуу-Долоноту жана Кара-Ой айылдарынын калкы, ошондой эле аталган калктуу конуштардын аймагында жайгашкан баардык пансионаттар, конок үйлөрү жана башка имараттар канализация системасына 100 % кошулат. Бүгүнкү күндө Чолпон Атанын калкынын 30-40 % гана канализация тутумуна кошулган.

Курулуш иштерин 2027-жылдын аягына чейин бүткөрүү пландалууда.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкөдө жыл башынан бери 93 мыйзамсыз таштанды жайы жабылды

Өлкөдө жыл башынан бери 93 мыйзамсыз таштанды жайы жабылды

2026-жылдын башынан бери Кыргызстанда 93 мыйзамсыз таштанды жайы жоюлду. Учурда республика боюнча 230 таштанды жайы иштеп жатат. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, эң көп жоюу Ысык-Көл облусунда катталды – мурдагы 51 жайдын 35и жабылып, 16 гана калды. Талас облусунда 31 жайдын бирөө жоюлуп, 30 жай калды.

Ишкер Media
Касымалиев гипсокартон импортуна 6 айлык тыюу салды

Касымалиев гипсокартон импортуна 6 айлык тыюу салды

Кыргызстанга гипстен жасалган плита, такта жана панелдерди алып келүүгө убактылуу тыюу салынды. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Документке ылайык, ЕАЭБ ТН ВЭД 6809 11 000 0 кодундагы - кагаз же картон менен гана капталган гипсокартон буюмдарын ташып келүүгө токтом күчүнө киргенден

Ишкер Media
Кадамжайда өнөр жай өндүрүшү 2,5 млрд сомго жетти

Кадамжайда өнөр жай өндүрүшү 2,5 млрд сомго жетти

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын өнүгүү долбоорлору менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Кадамжай районунун акими Болоткан Белек уулу билдиргендей, райондо өнөр жай өндүрүшү 2021-жылы 994,9 млн сом болсо, 2026-жылдын 9 айында 2 млрд 507 млн сомго жеткен. Жыл аягына

Ишкер Media
Чүйдө рейд жыйынтыгында 102 миң сом айып пул салынды

Чүйдө рейд жыйынтыгында 102 миң сом айып пул салынды

Чүй облусунда экологиялык мыйзамдарды бузгандарга 102 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, министрликтин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы ЖКККББ менен биргеликте рейд жүргүзгөн. Жыйынтыгында 9 административдик протокол түзүлгөн. Анын ичинен 7 протокол автоунаалардан чыккан зыяндуу заттардын ченемден ашуусу боюнча түзүлүп, 68 миң сом айып

Ишкер Media