ИИМ батир уурулугун алдын алууну эскертет

ИИМ батир уурулугун алдын алууну эскертет

Жаңы жылдык эс алуу мезгилинде көптөгөн жарандар шаардан же өлкөдөн чыгып кеткендиктен, батир уурулук кылмыштарынын коркунучу жогорулайт. Кылмышкерлер көбүнчө турак жай ээлеринин узак убакытка жоктугунан пайдаланышат.

ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, батир уурулугун алдын алуу максатында жарандар төмөнкү коопсуздук чараларын эстен чыгарбоо керек:

- Эс алууга кетээрден мурун кире бериш эшиктердин жана терезелердин бекем жабылганын текшерүү, мүмкүн болсо кошумча кулпуларды орнотуу;

- Ачкычтарды почта кутусунда, килемченин алдында же башка оңой жеткиликтүү жерлерде калтырбоо;

- Мүмкүнчүлүк болсо, күзөт сигнализациясын жана видеобайкоо системаларын орнотуу;

- Коңшулардан же туугандардан батирди мезгил-мезгили менен көзөмөлдөп турууну өтүнүү;

- Социалдык тармактарда кетип жатканыңыз жана эс алып жаткан жериңиз тууралуу маалыматты жарыялабоо.

Мындан тышкары, турак жайды борборлоштурулган күзөт кызматына кошуу коңгуроо сигналдарына ыкчам жооп берүүнү камсыз кылып, мүлктү коргоо деңгээлин кыйла жогорулатат.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкөдө жыл башынан бери 93 мыйзамсыз таштанды жайы жабылды

Өлкөдө жыл башынан бери 93 мыйзамсыз таштанды жайы жабылды

2026-жылдын башынан бери Кыргызстанда 93 мыйзамсыз таштанды жайы жоюлду. Учурда республика боюнча 230 таштанды жайы иштеп жатат. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, эң көп жоюу Ысык-Көл облусунда катталды – мурдагы 51 жайдын 35и жабылып, 16 гана калды. Талас облусунда 31 жайдын бирөө жоюлуп, 30 жай калды.

Ишкер Media
Касымалиев гипсокартон импортуна 6 айлык тыюу салды

Касымалиев гипсокартон импортуна 6 айлык тыюу салды

Кыргызстанга гипстен жасалган плита, такта жана панелдерди алып келүүгө убактылуу тыюу салынды. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Документке ылайык, ЕАЭБ ТН ВЭД 6809 11 000 0 кодундагы - кагаз же картон менен гана капталган гипсокартон буюмдарын ташып келүүгө токтом күчүнө киргенден

Ишкер Media
Кадамжайда өнөр жай өндүрүшү 2,5 млрд сомго жетти

Кадамжайда өнөр жай өндүрүшү 2,5 млрд сомго жетти

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын өнүгүү долбоорлору менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Кадамжай районунун акими Болоткан Белек уулу билдиргендей, райондо өнөр жай өндүрүшү 2021-жылы 994,9 млн сом болсо, 2026-жылдын 9 айында 2 млрд 507 млн сомго жеткен. Жыл аягына

Ишкер Media
Чүйдө рейд жыйынтыгында 102 миң сом айып пул салынды

Чүйдө рейд жыйынтыгында 102 миң сом айып пул салынды

Чүй облусунда экологиялык мыйзамдарды бузгандарга 102 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, министрликтин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы ЖКККББ менен биргеликте рейд жүргүзгөн. Жыйынтыгында 9 административдик протокол түзүлгөн. Анын ичинен 7 протокол автоунаалардан чыккан зыяндуу заттардын ченемден ашуусу боюнча түзүлүп, 68 миң сом айып

Ишкер Media