Курамында токсин болушу мүмкүн. "Nestlé" балдар тамагынын айрым партияларын кайра чакыртып алууда

Курамында токсин болушу мүмкүн. "Nestlé" балдар тамагынын айрым партияларын  кайра чакыртып алууда

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти (ОАМСЭКД) "Nestlé" тобуна кирген балдар тамагынын продукциясынын расмий дистрибьютору — "Forester" ЖЧКсынан билдирүү алды.

Ведомствонун маалыматына ылайык, "Nestlé Россия" ЖЧКсынын борбордук кеңсеси балдар үчүн чыгарылган айрым азыктарды ыктыярдуу түрдө кайра чакыртып алуу тууралуу чечим кабыл алган. Тактап айтканда, төмөнкү соода белгилери менен чыгарылган кургак, тез эрий турган сүттүү, кычкыл сүттүү жана лактозасыз аралашмалар кайра чакыртылып жатат:

NAN 1 OPTIPRO

NAN OPTIPRO 2 / NAN 2 Optipro

NAN EXPERTPRO

PRENAN

NAN LACTOSE FREE

Бул кайра чакыртып алуу сактык чарасы катары жүргүзүлүүдө жана "Nestlé" компаниясы дүйнө жүзү боюнча ишке ашырып жаткан ыктыярдуу глобалдык кайра чакыртып алуунун бир бөлүгү болуп саналат.

Мындай чечимдин кабыл алынышына чийки затта (арахидон кычкылы) цереулид токсининин болушу мүмкүн деген тобокелчилик себеп болгон.

Расмий дистрибьютор тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагындагы соода түйүндөрүнөн көрсөтүлгөн партияларды алып салуу боюнча иш-чаралар башталды.

Жогоруда айтылгандарга байланыштуу ОАМСЭКД керектөөчүлөргө колдонуп жаткан балдар аралашмасынын аталышын жана чыгарылган датасын текшерүүнү сунуштайт. Эгерде ал кайра чакыртылып жаткан партияларга туура келсе, продукцияны колдонбоо жана кайтарып берүү үчүн расмий дистрибьюторго кайрылуу сунушталат.

Өндүрүүчүнүн маалыматы боюнча, кайра чакыртып алуу цереулид токсини болушу мүмкүн болгон чектелген сандагы партияларга гана тиешелүү.

Цереулид — Bacillus cereus бактериясынын айрым штаммдары бөлүп чыгара турган токсин. Ал жогорку температурага туруктуу болуп, кайнатууда бузулбайт. Цереулиддин жогорку өлчөмү бар продукцияны колдонгондон кийин төмөнкү белгилер пайда болушу мүмкүн:

  • кусуу
  • ич өтүү

Бул белгилер тамак-аштан ууланууга же уй сүтүнүн белогуна болгон аллергияга окшош болушу мүмкүн.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкөдө жыл башынан бери 93 мыйзамсыз таштанды жайы жабылды

Өлкөдө жыл башынан бери 93 мыйзамсыз таштанды жайы жабылды

2026-жылдын башынан бери Кыргызстанда 93 мыйзамсыз таштанды жайы жоюлду. Учурда республика боюнча 230 таштанды жайы иштеп жатат. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, эң көп жоюу Ысык-Көл облусунда катталды – мурдагы 51 жайдын 35и жабылып, 16 гана калды. Талас облусунда 31 жайдын бирөө жоюлуп, 30 жай калды.

Ишкер Media
Касымалиев гипсокартон импортуна 6 айлык тыюу салды

Касымалиев гипсокартон импортуна 6 айлык тыюу салды

Кыргызстанга гипстен жасалган плита, такта жана панелдерди алып келүүгө убактылуу тыюу салынды. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Документке ылайык, ЕАЭБ ТН ВЭД 6809 11 000 0 кодундагы - кагаз же картон менен гана капталган гипсокартон буюмдарын ташып келүүгө токтом күчүнө киргенден

Ишкер Media
Кадамжайда өнөр жай өндүрүшү 2,5 млрд сомго жетти

Кадамжайда өнөр жай өндүрүшү 2,5 млрд сомго жетти

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын өнүгүү долбоорлору менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Кадамжай районунун акими Болоткан Белек уулу билдиргендей, райондо өнөр жай өндүрүшү 2021-жылы 994,9 млн сом болсо, 2026-жылдын 9 айында 2 млрд 507 млн сомго жеткен. Жыл аягына

Ишкер Media
Чүйдө рейд жыйынтыгында 102 миң сом айып пул салынды

Чүйдө рейд жыйынтыгында 102 миң сом айып пул салынды

Чүй облусунда экологиялык мыйзамдарды бузгандарга 102 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, министрликтин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы ЖКККББ менен биргеликте рейд жүргүзгөн. Жыйынтыгында 9 административдик протокол түзүлгөн. Анын ичинен 7 протокол автоунаалардан чыккан зыяндуу заттардын ченемден ашуусу боюнча түзүлүп, 68 миң сом айып

Ишкер Media