Кыргызстанда блогерлер тууралуу мыйзам долбоору иштелип чыгат

Кыргызстанда блогерлер тууралуу мыйзам долбоору иштелип чыгат

Кыргызстанда блогерлер тууралуу мыйзам долбоору иштелип жатканын журналисттерге Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев билдирди.

"Биз “блогер” деген ким экенин так аныкташыбыз керек. Блогерлердин өзүнүн катталуучулары, өз аудиториясы бар жана алар коомго таасир эте алышат. Ооба, алар ЖМК катары каралбайт, бирок кандайдыр бир маалыматты таратып жатып, адамдарга таасир эткендиктен, жоопкерчилик да болушу керек", — деп түшүндүрдү министр.

Ал мисал катары блог жүргүзгөн мамлекеттик кызматкер менен медиа мейкиндиктеги белгилүү инсандарды келтирди.

"Мисалы, мамлекеттик кызматтагы блогер бар, анын 5 миң же 10 миңдей катталуучусу болушу мүмкүн. Ал жөн гана расмий маалыматтарды таратып турат. Ал эми 50–100 миң, айрымдары миллиондон ашык катталуучусу бар блогерлер бар, алар ишкердик менен алектенип, ар кандай товарларды жарнамалашат. Бул дагы ишкерлик болуп эсептелет. Ошондуктан биз азыр бул тармакты так аныктап, баарына ылайыктуу, адилеттүү чечим кабыл алышыбыз керек", — деди министр.

Анын айтымында, блогерлер тууралуу мыйзам долбоору 2026-жылдын ичинде даяр болот.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкөдө жыл башынан бери 93 мыйзамсыз таштанды жайы жабылды

Өлкөдө жыл башынан бери 93 мыйзамсыз таштанды жайы жабылды

2026-жылдын башынан бери Кыргызстанда 93 мыйзамсыз таштанды жайы жоюлду. Учурда республика боюнча 230 таштанды жайы иштеп жатат. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, эң көп жоюу Ысык-Көл облусунда катталды – мурдагы 51 жайдын 35и жабылып, 16 гана калды. Талас облусунда 31 жайдын бирөө жоюлуп, 30 жай калды.

Ишкер Media
Касымалиев гипсокартон импортуна 6 айлык тыюу салды

Касымалиев гипсокартон импортуна 6 айлык тыюу салды

Кыргызстанга гипстен жасалган плита, такта жана панелдерди алып келүүгө убактылуу тыюу салынды. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Документке ылайык, ЕАЭБ ТН ВЭД 6809 11 000 0 кодундагы - кагаз же картон менен гана капталган гипсокартон буюмдарын ташып келүүгө токтом күчүнө киргенден

Ишкер Media
Кадамжайда өнөр жай өндүрүшү 2,5 млрд сомго жетти

Кадамжайда өнөр жай өндүрүшү 2,5 млрд сомго жетти

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын өнүгүү долбоорлору менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Кадамжай районунун акими Болоткан Белек уулу билдиргендей, райондо өнөр жай өндүрүшү 2021-жылы 994,9 млн сом болсо, 2026-жылдын 9 айында 2 млрд 507 млн сомго жеткен. Жыл аягына

Ишкер Media
Чүйдө рейд жыйынтыгында 102 миң сом айып пул салынды

Чүйдө рейд жыйынтыгында 102 миң сом айып пул салынды

Чүй облусунда экологиялык мыйзамдарды бузгандарга 102 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, министрликтин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы ЖКККББ менен биргеликте рейд жүргүзгөн. Жыйынтыгында 9 административдик протокол түзүлгөн. Анын ичинен 7 протокол автоунаалардан чыккан зыяндуу заттардын ченемден ашуусу боюнча түзүлүп, 68 миң сом айып

Ишкер Media