Бакыт Төрөбаев 2024-жылы канча киреше тапкан?

Бакыт Төрөбаев 2024-жылы канча киреше тапкан?

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Торобаев 2024-жылы өткөн жылга салыштырмалуу азыраак киреше тапкан. Кыргызстандын Салык кызматы аткаминерлердин отчеттук мезгил үчүн декларациялык маалыматтарын жарыялай баштады.

Декларацияга ылайык, Бакыт Төрөбаевдин 2024-жылдагы кирешеси 1 миллион 811,9 миң сомду түзгөн. Ошол эле учурда ал бир да тыйын короткон эмес — чыгаша бөлүмүндө нөл деп көрсөтүлгөн.

Анын менчигинде төмөнкүлөр бар:

  • жалпы аянты 179 чарчы метр болгон турак үй;
  • жалпы аянты 180 чарчы метр болгон турак үй;
  • айыл чарба багытындагы жер тилкеси — 1 миң 430 чарчы метр;
  • айыл чарба багытындагы жер тилкеси — 40 чарчы метр;
  • айыл чарбага тиешеси жок жер тилкелери — 100 чарчы метр.

Жакын туугандарынын кирешеси жана мүлкү тууралуу маалыматта:

  • аянты 385 чарчы метр болгон турак үй;
  • жалпы аянты 57,63 чарчы метр болгон батир;
  • айыл чарбага тиешеси жок, аянты 3 миң 500 чарчы метр болгон жер тилкеси көрсөтүлгөн.

Үй-бүлөнүн автоунаасы жок.

Белгилей кетсек, Бакыт Торобаевдин 2023-жылга карата декларациясында жер тилкелери тууралуу маалымат болгон эмес.

Мындан тышкары окуңуз

Кадамжайда өнөр жай өндүрүшү 2,5 млрд сомго жетти

Кадамжайда өнөр жай өндүрүшү 2,5 млрд сомго жетти

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын өнүгүү долбоорлору менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Кадамжай районунун акими Болоткан Белек уулу билдиргендей, райондо өнөр жай өндүрүшү 2021-жылы 994,9 млн сом болсо, 2026-жылдын 9 айында 2 млрд 507 млн сомго жеткен. Жыл аягына

Ишкер Media
Чүйдө рейд жыйынтыгында 102 миң сом айып пул салынды

Чүйдө рейд жыйынтыгында 102 миң сом айып пул салынды

Чүй облусунда экологиялык мыйзамдарды бузгандарга 102 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, министрликтин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы ЖКККББ менен биргеликте рейд жүргүзгөн. Жыйынтыгында 9 административдик протокол түзүлгөн. Анын ичинен 7 протокол автоунаалардан чыккан зыяндуу заттардын ченемден ашуусу боюнча түзүлүп, 68 миң сом айып

Ишкер Media
Бекешев: “Яндекстин” ишинин үзгүлтүккө учурашы биздин бир гана платформага көз каранды экенибизди көрсөттү

Бекешев: “Яндекстин” ишинин үзгүлтүккө учурашы биздин бир гана платформага көз каранды экенибизди көрсөттү

“Яндекстин” сервисинин ишинин үзгүлтүккө учурашы Кыргызстандын такси жана жеткирүү кызматтары рыногунун бир чет элдик санариптик платформага көз каранды экенин көрсөттү. Мамлекет өзүнүн чечимдерин өнүктүрүп, бул рынокто атаандаштык үчүн шарттарды түзүшү зарыл. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанга такси жана жеткирүү кызматтарынын иштеши үчүн өзүнүн санариптик

Ишкер Media
Туроператорлорго Шакиранын концертине 5% жеңилдик берилет

Туроператорлорго Шакиранын концертине 5% жеңилдик берилет

Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов Шакиранын концертине байланыштуу туристтик операторлор үчүн түзүлгөн шарттар тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, туристтик бизнес өкүлдөрү үчүн концертке билеттерди сатып алууда 5%га чейин жеңилдик каралган. Мындан тышкары, уюштурулган туристтик топторду "Ала-Арча" жаратылыш паркындагы мейманкана комплекстерине жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Ишкер Media