Бишкекте лазер жарыгы бар жол чырактар орнотулду

Бишкекте лазер жарыгы бар жол чырактар орнотулду

Бишкек шаарындагы Курманжан Датка жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишине лазер жарыгы күйгөн жаңы жол чырактар орнотулду.

Бул жол чыракты алгачкы жолу “Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм” муниципалдык ишканасы өз күчү менен иштеп чыгып, даярдагандыгын, мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, мындай жарык аба ырайы ыңгайсыз болгон учурда, туман каптаганда же жаан-чачын болгондо жөө жүргүнчүлөрдүн айдоочуларга жакшыраак көрүнүшүнө жардам берет.

Ошондой эле жол кырсыктарын алдын алууга жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого түздөн-түз өбөлгө түзөт.

Аталган долбоордун ишке ашырылышы муниципалдык ишкананын техникалык мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүп, шаардык жол-транспорттук инфраструктурага заманбап чечимдерди киргизүүгө, ошондой эле жол кырсыктарынын санын кыскартууга багытталган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ак-Суу районунда туристтердин саны 8 эседен ашык өстү

Орто-Токой суу сактагычында мыйзамсыз балык уулоо аныкталды

Кыргызстан баштапкы медициналык жардамды өнүктүрүү боюнча эл аралык конгресске катышты

Токтогул шаарында электр тармагын жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө

Караколго тартылган инвестициянын көлөмү 9,5 млрд долларга жетти