Кызмат абалынан кыянаттык кылган укук коргоочулар колго түштү

Кызмат абалынан кыянаттык кылган укук коргоочулар колго түштү

УКМК тарабынан жаранга өзгөчө оор залака келтирүү жана Өзгөн райондук милиция бөлүмүнүн кызматкерлеринин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануусу боюнча кылмыш иши иликтөөгө алынды.

УКМК басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 3-январында Өзгөн РИИБдин Куршаб айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, эки жаранды мыйзамсыз кармап, тиешелүү процессуалдык документтерди түзбөстөн, физикалык зомбулук колдонушкан. Натыйжада А.Б. аттуу жарандын ден соолугуна оор залака келтирилген.

Ушундан улам, КРнын Кылмыш-жаза кодексине ылайык, кылмыш жасаган деген шек менен козголгон кылмыш ишинин алкагында Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери "С.Х.", "И.К." жана "А.А." кармалышты жана КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Учурда тиешелүү тергөө жана ыкчам иш-чаралар уланууда.

💡
КР УКМК ушул сыяктуу кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу же башка мыйзамсыз аракеттер болсо - кайдыгер карап турбай, маалымат берип туруну жарандарга сунуштайт.

Мындан тышкары окуңуз

Кадамжайда өнөр жай өндүрүшү 2,5 млрд сомго жетти

Кадамжайда өнөр жай өндүрүшү 2,5 млрд сомго жетти

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын өнүгүү долбоорлору менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Кадамжай районунун акими Болоткан Белек уулу билдиргендей, райондо өнөр жай өндүрүшү 2021-жылы 994,9 млн сом болсо, 2026-жылдын 9 айында 2 млрд 507 млн сомго жеткен. Жыл аягына

Ишкер Media
Чүйдө рейд жыйынтыгында 102 миң сом айып пул салынды

Чүйдө рейд жыйынтыгында 102 миң сом айып пул салынды

Чүй облусунда экологиялык мыйзамдарды бузгандарга 102 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, министрликтин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы ЖКККББ менен биргеликте рейд жүргүзгөн. Жыйынтыгында 9 административдик протокол түзүлгөн. Анын ичинен 7 протокол автоунаалардан чыккан зыяндуу заттардын ченемден ашуусу боюнча түзүлүп, 68 миң сом айып

Ишкер Media
Бекешев: “Яндекстин” ишинин үзгүлтүккө учурашы биздин бир гана платформага көз каранды экенибизди көрсөттү

Бекешев: “Яндекстин” ишинин үзгүлтүккө учурашы биздин бир гана платформага көз каранды экенибизди көрсөттү

“Яндекстин” сервисинин ишинин үзгүлтүккө учурашы Кыргызстандын такси жана жеткирүү кызматтары рыногунун бир чет элдик санариптик платформага көз каранды экенин көрсөттү. Мамлекет өзүнүн чечимдерин өнүктүрүп, бул рынокто атаандаштык үчүн шарттарды түзүшү зарыл. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанга такси жана жеткирүү кызматтарынын иштеши үчүн өзүнүн санариптик

Ишкер Media
Туроператорлорго Шакиранын концертине 5% жеңилдик берилет

Туроператорлорго Шакиранын концертине 5% жеңилдик берилет

Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов Шакиранын концертине байланыштуу туристтик операторлор үчүн түзүлгөн шарттар тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, туристтик бизнес өкүлдөрү үчүн концертке билеттерди сатып алууда 5%га чейин жеңилдик каралган. Мындан тышкары, уюштурулган туристтик топторду "Ала-Арча" жаратылыш паркындагы мейманкана комплекстерине жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Ишкер Media