Республикалык кан борбору калктын колдоосуна муктаж

Республикалык кан борбору калктын колдоосуна муктаж

Республикалык кан борборунан донордук кандын жетишсиздиги, айрыкча майрам күндөрү көп байкалып жатканын кабарлашууда.

Билдирүүгө караганда, адатта бул мезгилде жаракат алуулардын, жол кырсыктарынын жана башка окуялардын саны көбөйөт. Анын бир мисалы, жакында эле карылар үйүндөгү өрттүн чыгышы. Кан компоненттерине болгон муктаждык жогору болгондуктан жана донорлордун саны азайгандыктан, кан запастары өтө төмөн көрсөткүчкө жетти. Ал эми жардамга муктаж жана жарандардын боорукерлигине үмүттөнгөндөрдүн саны көбөйдү.

Буга байланыштуу, кайдыгер эмес жарандарды кан борборго келип, кан тапшырууга чакырышууда.

Донор боло турган жаран:

·       майлуу, куурулган жана сүт азыктарды жебеңиз;

·       48 саат ичинде алкоголдук ичимдиктерди ичүүгө болбойт;

·       3 күн ичинде дары-дармектерди колдонууга болбойт;

·       кош бойлуулук, бала эмизүү жана айыз циклден тышкары;

·       оору, сыркоо маалынан тышкары.

Дареги: Чыңгыз Айтматов проспекти – 60,

Кабыл алуу: – саат 8.00 ден 14.30 га чейин. Жекшембиден башка күндөрү иштейт.

Кан борборунун адистеринин айтымында,  кан тапшырууга биринчи ирет келген жаран эч нерседен коркпошу керек. “Менин каным кайра эле калыбына келип, жаңыланат жана менден чыккан кан бирөөдүн өмүрүн сактап калууга жардам берет” – деп, эстен чыгарбашы зарыл.

Мындан тышкары окуңуз

Кадамжайда өнөр жай өндүрүшү 2,5 млрд сомго жетти

Кадамжайда өнөр жай өндүрүшү 2,5 млрд сомго жетти

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын өнүгүү долбоорлору менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Кадамжай районунун акими Болоткан Белек уулу билдиргендей, райондо өнөр жай өндүрүшү 2021-жылы 994,9 млн сом болсо, 2026-жылдын 9 айында 2 млрд 507 млн сомго жеткен. Жыл аягына

Ишкер Media
Чүйдө рейд жыйынтыгында 102 миң сом айып пул салынды

Чүйдө рейд жыйынтыгында 102 миң сом айып пул салынды

Чүй облусунда экологиялык мыйзамдарды бузгандарга 102 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, министрликтин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы ЖКККББ менен биргеликте рейд жүргүзгөн. Жыйынтыгында 9 административдик протокол түзүлгөн. Анын ичинен 7 протокол автоунаалардан чыккан зыяндуу заттардын ченемден ашуусу боюнча түзүлүп, 68 миң сом айып

Ишкер Media
Бекешев: “Яндекстин” ишинин үзгүлтүккө учурашы биздин бир гана платформага көз каранды экенибизди көрсөттү

Бекешев: “Яндекстин” ишинин үзгүлтүккө учурашы биздин бир гана платформага көз каранды экенибизди көрсөттү

“Яндекстин” сервисинин ишинин үзгүлтүккө учурашы Кыргызстандын такси жана жеткирүү кызматтары рыногунун бир чет элдик санариптик платформага көз каранды экенин көрсөттү. Мамлекет өзүнүн чечимдерин өнүктүрүп, бул рынокто атаандаштык үчүн шарттарды түзүшү зарыл. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанга такси жана жеткирүү кызматтарынын иштеши үчүн өзүнүн санариптик

Ишкер Media
Туроператорлорго Шакиранын концертине 5% жеңилдик берилет

Туроператорлорго Шакиранын концертине 5% жеңилдик берилет

Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов Шакиранын концертине байланыштуу туристтик операторлор үчүн түзүлгөн шарттар тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, туристтик бизнес өкүлдөрү үчүн концертке билеттерди сатып алууда 5%га чейин жеңилдик каралган. Мындан тышкары, уюштурулган туристтик топторду "Ала-Арча" жаратылыш паркындагы мейманкана комплекстерине жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Ишкер Media