Былтыр 14 миңден ашуун кыргызстандык Өзбекстанда дарыланган

Былтыр 14 миңден ашуун кыргызстандык Өзбекстанда дарыланган

2025-жылдын январь-ноябрь айларында 14 миңден ашуун Кыргызстандын жараны медициналык жардам алуу максатында Өзбекстанга барганы белгиленди. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдайт.

Расмий маалыматка ылайык, жыл башынан бери Өзбекстанга жалпы 80 миң 653 чет өлкөлүк жаран дарылануу үчүн келген. Медициналык туристтердин көпчүлүгү Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары түзөт. Атап айтканда, Тажикстандан 55 миң 851, Кыргызстандан 14 миң 296, Казакстандан 7 миң 633 адам дарыланган.

Башка мамлекеттерден келгендердин саны анчалык көп эмес. Россиядан 1 миң 820, Афганистандан 678, Түркмөнстандан 219 бейтап катталган. Ошондой эле Түркиядан 47, АКШ жана Кытайдан 15тен, Азербайжандан 10 адам медициналык жардам алган. Калган 69 бейтап башка өлкөлөрдөн келген.

Мындан тышкары окуңуз

Карызы бар жүк ташуучу унаалар Орусиядагы акы төлөнүүчү жолдордон өтө албайт

Карызы бар жүк ташуучу унаалар Орусиядагы акы төлөнүүчү жолдордон өтө албайт

Мамлекеттик бажы кызматы эл аралык ташууларды жүргүзгөн ата мекендик ташуучуларга Орусиянын акы төлөнүүчү унаа жолдорунун жаңы талаптары тууралуу эскертти. Маалыматка ылайык, 1-сентябрдан тартып Орусиянын бажы органдары транспорт каражатынын мамлекеттик каттоо номери боюнча төлөм жүргүзгөнүн маалыматтык тутумдар аркылуу текшерет. Эгер төлөнбөгөн карыз аныкталса, система транспорт каражатынын мындан ары жүрүүсүнө тыюу

Майыптыгы бар адамдар үчүн реабилитациялык кызматтар жакшыртылат

Майыптыгы бар адамдар үчүн реабилитациялык кызматтар жакшыртылат

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Саламаттык сактоо министрлиги майыптыгы бар адамдарга медициналык реабилитациялык кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу маселелерин талкуулашты. Ведомствонун маалыматына ылайык, күн мурун эмгек министри К. Сагынбаев менен саламаттык сактоо министри Д. Осмонов жолугуп, майыптыгы бар адамдарды реабилитациялоону уюштуруу жана учурдагы механизмдерди өркүндөтүү маселелерин карашты. Негизги көңүл майыптык

Оштогу токсикологиялык лаборатория эл аралык аккредитациядан өттү

Оштогу токсикологиялык лаборатория эл аралык аккредитациядан өттү

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Ош адистештирилген контролдук-токсикологиялык лабораториясы эл аралык ISO/IEC стандартынын талаптарына ылайыктыгын баалоодон ийгиликтүү өтүп, аккредитациялоо жөнүндө күбөлүк алды. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин маалыматына ылайык, аккредитация лаборатория

VIN-коду өзгөртүлгөн жүк ташуучу унаадан 1,7 млн сом өндүрүлдү

VIN-коду өзгөртүлгөн жүк ташуучу унаадан 1,7 млн сом өндүрүлдү

"Түндүк-Чыгыш" бажысынын кызматкерлери "Торугарт" өткөрүү пункту аркылуу Кыргызстанга киргизилген Foton Auman Daimler үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаанын идентификациялык номери өзгөртүлгөнүн аныкташты. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. Текшерүүдө унаанын документте көрсөтүлгөн чыгарылган жылы менен иш жүзүндөгү маалыматтары дал келбегени белгилүү болгон. Соттук-эксперттик кызматтын корутундусуна ылайык,