Былтыр Кыргызстанда темир жол аркылуу жүк ташуу 10 млн тоннага жеткен

Былтыр Кыргызстанда темир жол аркылуу жүк ташуу 10 млн тоннага жеткен

2025-жылы темир жол аркылуу 10 миллион тоннадан ашык жүк ташылганын "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы маалымдады.

Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч ишкананын тарыхындагы рекорддук жыйынтык болуп саналат. Буга чейин өлкөдө темир жол аркылуу жүк ташуунун орточо жылдык көлөмү болжол менен 7 миллион тоннаны түзүп келген.

Ишкана билдиргендей, жүк ташуунун өсүшү 2022-жылдан бери туруктуу мүнөзгө ээ. Тактап айтканда, 2024-жылы темир жол аркылуу 9,2 миллион тонна жүк ташылса, 2025-жылы бул көрсөткүч 10 миллион тоннадан ашты.

Жүк ташуунун көлөмүнүн көбөйүшү өндүрүштүк ишмердүүлүктүн жанданышы, ошондой эле темир жол коридорлорун жана жүк ташуу маршруттарын кеңейтүү менен байланыштуу экени белгиленди.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте акча алмаштыруу бюросу жоопкерчиликке тартылды

Бишкек - Кант жолунда жарыктандыруу системасы ишке кирди

Бактияр Алиев Социалдык фонддун ишин журналисттерге тааныштырды

Кыргызстанда Эл аралык валюта фондунун миссиясы ишин баштады

"Кыргызнефтегаз" жаңы газ кенин тапты