Эмгек министрлиги социалдык жардам жана жумуш мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады

Эмгек министрлиги социалдык жардам жана жумуш мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде биринчи орун басар министр К.С. Досматов жана Дүйнөлүк банктын өкүлдөрүнүн катышуусунда жумушчу кеңешме өттү. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар "Социалдык жардам программаларын жана эмгек рыногун чыңдоо" аттуу биргелешкен долбоордун ишке ашырылышынын жүрүшүн талкуулашты. Өзгөчө көңүл "Үй-бүлөгө көмөк" социалдык колдоо программасынын натыйжалуулугун жогорулатууга жана жаш жарандардын жумуш менен камсыз болуусуна багытталган "Жаштар стажировкалары" программасын ишке ашырууга бурулду.

Бүгүнкү күндө долбоор боюнча каржылык өздөштүрүү 64%ды түзүп, пландаштырылган иш-чаралардын ийгиликтүү аткарылып жатканын көрсөтүүдө. Ошондой эле 2025-жылдын июль айында долбоорду реструктуризациялоо боюнча чечим кабыл алынып, анын ишке ашыруу мөөнөтү 2027-жылдын апрель айына чейин узартылган.

Талкуунун жыйынтыгында тараптар долбоорду мындан ары да натыйжалуу ишке ашырууга, ошондой эле өлкөдө социалдык колдоо чараларын жана эмгек рыногун өнүктүрүүнү күчөтүүгө багытталган бир катар макулдашууларга жетишти.

Мындан тышкары окуңуз

Кочкордон 1000 тонна көмүр Бишкек жылуулук электр борборуна жиберилди.

Кочкордон 1000 тонна көмүр Бишкек жылуулук электр борборуна жиберилди.

Кочкор темир жол станциясында биринчи жолу Бишкек жылуулук электр борбору үчүн көмүр жөнөтүлө баштады. Кече Кочкор темир жол бекетинен жүктөлгөн 15 вагондон турган жалпы салмагы 1000 тоннаны түзгөн көмүр Бишкек шаарында жайгашкан Аламүдүн темир жол бекетине келип түшкөн. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, аталган бекетте Бишкек

Ишкер Media
Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media