Өлкөдө канча асыл тукум мал бар? – Министрликтин маалыматы

Өлкөдө канча асыл тукум мал бар? – Министрликтин маалыматы

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдиргендей, асыл тукум мал чарбачылыгын өнүктүрүү максатында жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик колдоо жана селекциялык иштер өз натыйжасын берип жатат.

Бүгүнкү күндө республика боюнча асыл тукум мал чарбаларынын жалпы саны 185ке жетти. Алар мал чарбачылыгынын бардык негизги багыттарын камтып, айыл аймактарындагы экономикалык активдүүлүктү арттырууда.

Ири мүйүздүү асыл тукум мал чарбалары – 66, жалпы мал саны 8 406 баш.
Асыл тукум кой чарбалары – 75, малдын жалпы саны 24 759 баш.
Асыл тукум жылкы чарбалары – 35, жалпы саны 1 725 баш.
Асыл тукум эчки чарбалары – 5, жалпы саны 2 704 баш.
Асыл тукум топоз чарбалары – 5, малдын саны 1 224 баш.
Асыл тукум канаттуулар чарбалары – 2, жалпы саны 281 миңден ашык канаттуу.

Бул көрсөткүчтөр асыл тукум мал чарбачылыгынын өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодо жана экспорттук потенциалын жогорулатууда маанилүү экенин көрсөтөт. Айрыкча кой жана ири мүйүздүү мал багытындагы чарбалар эт жана сүт продукцияларынын сапатын жакшыртууга өбөлгө түзүүдө.

Министрлик асыл тукум чарбаларды өнүктүрүү, фермерлерди колдоо жана заманбап технологияларды киргизүү багытындагы иштерди мындан ары да улантарын белгилейт.

Мындан тышкары окуңуз

Кочкордон 1000 тонна көмүр Бишкек жылуулук электр борборуна жиберилди.

Кочкордон 1000 тонна көмүр Бишкек жылуулук электр борборуна жиберилди.

Кочкор темир жол станциясында биринчи жолу Бишкек жылуулук электр борбору үчүн көмүр жөнөтүлө баштады. Кече Кочкор темир жол бекетинен жүктөлгөн 15 вагондон турган жалпы салмагы 1000 тоннаны түзгөн көмүр Бишкек шаарында жайгашкан Аламүдүн темир жол бекетине келип түшкөн. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, аталган бекетте Бишкек

Ишкер Media
Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media