Жаңы Ош базары жана Батыш автобекети качан бүтөрү белгилүү болду

Жаңы Ош базары жана Батыш автобекети качан бүтөрү белгилүү болду

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн Бишкекте курулуп жаткан стратегиялык объекттер менен таанышып, транспорттук, соода-сатык жана спорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү боюнча иштерди көзөмөлдөдү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Төрага Батыш автобекетинин курулушу жана жол тармактарынын абалы менен таанышып, борбордогу унаа тыгындарын азайтуу үчүн жалпы узундугу 8,74 км болгон жолдордун долбоору тууралуу маалымат алды. Бул долбоор Профсоюз көчөсүн Түндүк айланма жол менен байланыштырган негизги тилкени жана эки кошумча бириктирүүчү жолду камтыйт.

Андан соң Адылбек Касымалиев жаңы Ош базарынын курулушу менен таанышып, соода борборуна заманбап кампалар жана кенен автоунаа токтотуучу жайлар курулушун тапшырды. Президенттин аппаратынын башкаруучусу Каныбек Туманбаев курулуш иштеринин графикке ылайык жүрүп жатканын, май айына чейин бүтүрүү пландалып жатканын билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин Ак-Тилек конушунда 100 орундуу бала бакча курулууда

Бишкектин Ак-Тилек конушунда 100 орундуу бала бакча курулууда

Бишкек шаарынын Ак-Тилек конушунда жаңы мектепке чейинки билим берүү мекемесинин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, бала бакча Ак-Шоокум көчөсүндө жайгашып, 100 орунга ылайыкталган. Долбоордун тапшырыкчысы Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы болсо, курулуш иштерин "ПСО Адис Строй" ЖЧКсы жүргүзүүдө. Объект борбор калаанын Свердлов районунда

Кыргызстанда чет элдик инвестициялар 9,2%дан 1,8%га чейин кыскарды — АӨБ

Кыргызстанда чет элдик инвестициялар 9,2%дан 1,8%га чейин кыскарды — АӨБ

Кыргызстанда жеке инвестицияларды тартуу үчүн кошумча жана терең реформалар зарыл. Бул тууралуу Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) "Азиянын өнүгүүсүнө сереп — 2026" экономикалык отчётуна арналган брифингде билдирди. Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) маалыматына ылайык, өлкөдө банктарда ири көлөмдөгү каражаттар топтолуп турганы менен, бул ресурстар реалдуу секторго жетпей жатат. Тактап айтканда, банктардагы

Президент Ак-Буура дарыясындагы тазалоо иштеринин жүрүшүн текшерди

Президент Ак-Буура дарыясындагы тазалоо иштеринин жүрүшүн текшерди

Президент Садыр Жапаров Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында Ак-Буура дарыясын тазалоо жана көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынан билдиришти. Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаевдин маалыматына ылайык, дарыянын 17 чакырым тилкеси текшерилип, иштерди жүргүзүүгө 24 млн сом бөлүнгөн. Жумуштарды аткарууга 22 даана атайын техника тартылып, механикалык иштер

Кочкордо 395 млн сомго жаңы автобекет курулуп жатат

Кочкордо 395 млн сомго жаңы автобекет курулуп жатат

Кочкор районунда жаңы автобекеттин курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, анын тендердик баасы 395 миллион сомду түзөт. Курулуш иштери 2025-жылдын февраль айында башталып, учурда объекттин даярдыгы 45%га жетти. Долбоорго ылайык, автобекеттин жалпы аянты 14 469 чарчы метрди түзүп, эки кабаттуу имаратты