Жаңы Ош базары жана Батыш автобекети качан бүтөрү белгилүү болду

Жаңы Ош базары жана Батыш автобекети качан бүтөрү белгилүү болду

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн Бишкекте курулуп жаткан стратегиялык объекттер менен таанышып, транспорттук, соода-сатык жана спорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү боюнча иштерди көзөмөлдөдү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Төрага Батыш автобекетинин курулушу жана жол тармактарынын абалы менен таанышып, борбордогу унаа тыгындарын азайтуу үчүн жалпы узундугу 8,74 км болгон жолдордун долбоору тууралуу маалымат алды. Бул долбоор Профсоюз көчөсүн Түндүк айланма жол менен байланыштырган негизги тилкени жана эки кошумча бириктирүүчү жолду камтыйт.

Андан соң Адылбек Касымалиев жаңы Ош базарынын курулушу менен таанышып, соода борборуна заманбап кампалар жана кенен автоунаа токтотуучу жайлар курулушун тапшырды. Президенттин аппаратынын башкаруучусу Каныбек Туманбаев курулуш иштеринин графикке ылайык жүрүп жатканын, май айына чейин бүтүрүү пландалып жатканын билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Кочкордон 1000 тонна көмүр Бишкек жылуулук электр борборуна жиберилди.

Кочкордон 1000 тонна көмүр Бишкек жылуулук электр борборуна жиберилди.

Кочкор темир жол станциясында биринчи жолу Бишкек жылуулук электр борбору үчүн көмүр жөнөтүлө баштады. Кече Кочкор темир жол бекетинен жүктөлгөн 15 вагондон турган жалпы салмагы 1000 тоннаны түзгөн көмүр Бишкек шаарында жайгашкан Аламүдүн темир жол бекетине келип түшкөн. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, аталган бекетте Бишкек

Ишкер Media
Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media