Өткөн жылы фитосанитардык талаптарды бузган 35 учур аныкталган

Өткөн жылы фитосанитардык талаптарды бузган 35 учур аныкталган

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти тарабынан 2025-жылдын 12 айынын жыйынтыгы боюнча фитосанитардык талаптарга жооп бербеген 35 фитосанитардык талаптарды бузуу фактылары катталган. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Аталган фактылар боюнча жалпысынан 562,5 тонна продукция, анын ичинде 70 515 даана көчөт, 11 387 даана гүл, ошондой эле 136 м³ пиломатериалдар фитосанитардык талаптарга жооп бербегени аныкталган.

Анын ичинде:

  • Казакстандан келген – 15 факты, 271,88 тонна;
  • Россиядан келген – 5 факты, 117 тонна, 136 м³ пиломатериалдар;
  • Өзбекстандан келген – 7 факты, 80,82 тонна, 70 515 даана көчөт;
  • Кытайдан келген – 4 факты, 51,28 тонна, 8 050 даана гүл;
  • Тажикстандан келген – 1 факты, 3,5 тонна;
  • АКШдан келген – 1 факты, 18 тонна;
  • Монголиядан келген – 1 факты, 20 тонна;
  • Нидерландыдан келген – 1 факты, 3 337 даана гүл.
Фитосанитардык талаптарды бузган товарларга карата кайтаруу, жок кылуу же зыянсыздандыруу боюнча тиешелүү фитосанитардык чаралар көрүлгөн.

Ошондой эле, Кытай жана Нидерланды мамлекеттерине дипломатиялык каналдар аркылуу нота жөнөтүлгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media