Билим берүү уюмдарында студенттерден айып пул өндүрүү практикасын токтотуу сунушталууда

Билим берүү уюмдарында студенттерден айып пул өндүрүү практикасын токтотуу сунушталууда

КРнын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги КРнын жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарына, менчик формасына карабастан, окуу сабактарын жана өндүрүштүк практиканы калтыргандыгы үчүн студенттерден акчалай айып пул өндүрүү практикасын токтотуу сунушун билдирүүдө.

Бул сунуш билим алуучулардын укуктарын камсыз кылуу, окуу тартибине карата адилеттүү жана бирдиктүү мамилелерди калыптандыруу, ошондой эле билим берүү чөйрөсүндө негизсиз каржылык жаза колдонууга жол бербөө максатында демилгеленди.

Министрлик колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, акчалай санкцияларга байланышпаган академиялык мүнөздөгү альтернативдүү чараларды колдонууну сунуштайт.

Бул максатты ишке ашыруунун алкагында Министрлик жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу тиешелүү ченемдик-укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча ишти демилгелемекчи.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Түркия уюшкан кылмыштуулукка каршы кызматташат

Кыргызстан менен Түркия уюшкан кылмыштуулукка каршы кызматташат

Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбеков Түркиядагы иш сапарынын алкагында Түркиянын ички иштер министри Мустафа Чифтчи менен жолугушту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушууда эки өлкөнүн ички иштер органдарынын кызматташтыгын өнүктүрүү, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана укук тартибин чыңдоо маселелери талкууланды. Тараптар трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка, баңгизаттарды

Айбек Жунушалиев "Бишкек ЖЭБдин" кышка даярдыгын текшерди

Айбек Жунушалиев "Бишкек ЖЭБдин" кышка даярдыгын текшерди

13-августта Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев "Бишкек ЖЭБ" муниципалдык ишканасына барып, анын учурдагы ишмердүүлүгү жана күз-кышка даярдыгы менен таанышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мэр өндүрүштүк объектилердин техникалык абалын, ишканаларды отун менен камсыздоо жана оңдоо иштеринин жүрүшүн көзөмөлдөдү. Көчмө жыйындын алкагында "

Кызыл-Кыядагы курулуштан улам үйлөргө жарака кеттиби? Текшерүүнүн жообу

Кызыл-Кыядагы курулуштан улам үйлөргө жарака кеттиби? Текшерүүнүн жообу

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Баткен региондук башкармалыгы Кызыл-Кыя шаарынын Кулатов көчөсүндө, Пост ГАИ участкасында курулуп жаткан 7 кабаттуу турак жайга пландан тышкаркы текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Текшерүүгө жергиликтүү тургундардын курулуш иштеринен улам коңшу үйлөрдүн дубалдарында жаракалар пайда болушу мүмкүн деген кайрылуусу негиз болгон. Текшерүүнүн жүрүшүндө

Кыргызстан ЕАЭБде агроөнөр жай кооперациясын күчөтүүнү сунуштады

Кыргызстан ЕАЭБде агроөнөр жай кооперациясын күчөтүүнү сунуштады

Бүгүн Алматыда Евразия экономикалык бирлигинин Агроөнөр жай саясаты боюнча кеңешинин жетинчи жыйыны өтүүдө. Ага Кыргызстандын атынан суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков катышууда. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйында Кыргызстан ЕАЭБдин алкагында агроөнөр жай тармагындагы кызматташтыкты күчөтүп, өз ара сооданы кеңейтүүнү жана биргелешкен долбоорлорду көбөйтүүнү