Кыргызстан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына кызуу даярдык көрүүдө

Кыргызстан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына кызуу даярдык көрүүдө

Бүгүн, 15-январда “Кабар” улуттук маалымат  агенттигинде VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган расмий маалымат жыйыны болуп өттү. Ага КРнын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Казыбек Молдажиев катышты.

Ишчаранын жүрүшүндө К.Молдажиев Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын спорттук программасы менен тааныштырып, даярдык иштеринин учурдагы жүрүшү тууралуу маалымат берди.  

Билдирүүгө караганда, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү иштери пландуу негизде жүргүзүлүп, иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрүүгө, көчмөндөрдүн салттуу баалуулуктарын сактоого жана эл аралык стандарттарга шайкештигин камсыздоого өзгөчө көңүл бурулууда.

Эске салсак, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргыз Республикасында өтөт. Ачылыш аземи Бишкек шаарында өтүп, негизги мелдештер, анын ичинде жабылуу аземи, Ысык-Көлдүн жээгинде өткөрүлөт. Бул ири эл аралык иш-чарага салттуу спорт түрлөрү боюнча күч сынашуу үчүн дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүнөн спортчулар катышат.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media