Курал-жарак алууда мамлекетке келтирилген 244,6 млн сом чыгым өндүрүлдү

Курал-жарак алууда мамлекетке келтирилген 244,6 млн сом чыгым өндүрүлдү

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Коргоо министрлигинде курал-жарак алууда келтирилген ири зыяндын толугу менен орду толтурулганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, зыян өлкөгө курал-жарак жеткирүүгө байланыштуу келишимдин шарттарын аткарбоо фактысы менен байланыштуу.

Финансы министрлигинин аудиттик текшерүүсүнүн натыйжасында мамлекетке келтирилген зыян 244 млн 587 миң 870 сомду түзгөнү аныкталган. Бул сумма козголгон кылмыш ишинин жана жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чараларынын алкагында толугу менен өндүрүлдү.

УКМК Коргоо министрлигиндеги коррупциялык схемага тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоого багытталган ыкчам-издөө иштерин улантууда.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Соода-өнөр жай палатасынын өкүлү Кытайдагы ишкердик форумуна катышууда

Ысык-Көлдө 23 курулуш объектиси текшерилди

Жалал-Абадда "Арзибай-Ата Компани" ишканасын өнүктүрүү иштери жүрүүдө

Бишкек–Нарын–Торугарт жолунун 68-чакырымында жер алдындагы өтмөк курулууда

Эркинбек Осоев Кыргызстандын Япониядагы элчиси кызматынан бошотулду